https://sputnik.kg/20250309/kalmyrza-yrchy-tuuraluu-faktylar-1092478630.html
Кара жаак атыккан Калмырза ырчы тууралуу 13 факт
Кара жаак атыккан Калмырза ырчы тууралуу 13 факт
Sputnik Кыргызстан
Калмырза ырчы жөнүндө көп айтылбайт, буга биринчиден, ырчынын аз гана өмүр сүрүп, чыгармачылыгы кеңири аймактарга тарабай калгандыгы, экинчиден, ырлары өз... 09.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-09T20:07+0600
2025-03-09T20:07+0600
2025-03-09T20:07+0600
кыргызстан
тарых
айтыш
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
калмырза ырчы
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0f/1077065055_696:845:2835:2048_1920x0_80_0_0_a8677f963e01e92cc39bf4cdad00330d.jpg
Калмырза ырчы жөнүндө көп айтылбайт, буга биринчиден, ырчынын аз гана өмүр сүрүп, чыгармачылыгы кеңири аймактарга тарабай калгандыгы, экинчиден, ырлары өз оозунан же башка шакирттеринин айтуусунан кагазга түздөн-түз толук түшүрүлбөгөндүгү себеп. Мындан тышкары, акындын чыгармачылыгы адабиятчылар тарабынан ар тараптуу талдоого алынган эмес. Төртүнчүдөн, ар кайсыл муундагы, анын ичинде азыркы муундагы ырчылардын бул акындын чыгармаларын өз репертуарына киргизип, эл алдында аткарган жок. Атактуу тарыхчы Белек Солтонов "...кара ырга өзүн кошуп ырдаганда мындай ырчы бүтүндөй кыргызда болбогонун" айтып кеткен жери бар.Биз бүгүн ошол унутулган ырчы тууралуу 13 фактыны сунуш кылабыз.Акындын туулган жери жана жаштык жылдары. Өтө так болбосо да туулган жылын 1866-жыл деп жазып келебиз. Туулган жери Токмоктун үстү жагындагы, тоо түбүндөгү Он-Бир-Жылга айылы. Уруусу – сарыбагыш, уругу – чертике. Айтуудан атасы Сарпек өтө жакыр, колунда жок адам болгон экен. Бала кезде Кайыңды деген жакка жанын багар жай издеп кадимки Бошкой манаптын балдарына жалчы жүрөт, чиркейге сордурат, кетмен тартып арык чабат, чарыкка буту кесилет, мал карашат, отун алышат. Байсейит, Бошкой деген атактуу байлар орток жайлоо деп Таластын башы Каракол жакка чыкчу экен. Тагдыры ошол жак менен байланышат.Көчүбай жана Чоңду менен айтыштары. Калмырзанын атын тааныткан окуя анын Көчүбай менен жана Чоңду менен айтышы болгондугун адабиятчы Батма Кебекова белгилейт. Көчүбай кушчу уруусунун өкүлү, жыйында бүт эле анын уруулаштары отурган, ага карата Калмырза адегенде эле "оо, ушунун баары кушчубу, кушчунун баары ырчыбы, бири ырдаса, баары ырдайт, баарынын оозу жабырлайт" деп кер какшык менен ырын төгүп кирет. Чоң ырчы Чоңду менен айтышканда Калмырза анын тууган-уругун, жек-жаатын, ал-акыбалын бүт сурап келип, өзү жөнүндө болсо, "мине элекмин бууданды, көрө элекмин тууганды" деп арманын айта коёт, андай десе, Чоңду "эки сакал чыкканча эл бетин көрбөгөн" деп, тентип келген адам катары аны мыскылдайт.Ырчынын Таластагы күндөрү. Калмырза ошентип Талас жакта жүрүп, кумар ойногонго кызыгып кетет, бирде утат, анан уттурганда ат-тонунан айрылып, сарыбагыш эли, Чүй жери көздөн учат. Ырларына караганда Чүйгө бир келип, кайра дагы бир жолу барган сыяктуу. Анан кумардан оолактап, ырга өтөт. Чоңду (Сары ырчы), Балык, Сартбай Байжигит уулу деген казак-кыргызга даңазасы тараган, а түгүл Токтогулга устат болгон ырчылардын ырын угат. Олуя-Ата (азыркы Тараз), Меркеге чейин ыр кууп барат. Казактар ичинде кыргыз, кыргыздар ичинде казак ырчысы атыккан атактуу Жөжө (Чөжө) Каржообай уулу (казакча Шөже Қаржаубайұлы) (1808–1895) менен жолугуп, анын насаат сөздөрүн угат. Талас жергесинде ырчылык шыгы ойгонот. Калмырза Таласта жүрүп эки аялдан төрт эркек балалуу болуп, ордунан козголгусу келбей калган, бирок туулган жери улам көздөн уча берген. "Ырыстуу эрдин астына, ырчы келет какылдап, ырысы жок адамга, доочу келет шакылдап" дегендей ырлары ошондо чыккан шекилдүү.Шабдан баатырга арманын айтканы. Бир ашка "эки Кемин жайлаган, элиртип кулун байлаган" кадимки Жантай хандын уулу Шабдан баатыр барып калат. Ошондо Калмырза Таластан кете албай карызга батып жүргөн убагы экен, минтип ырдап ийиптир: "Карадан туулган хан Шабдан, айта турган арзым бар, беш жүз теңге карзым бар, санасам санаам тутулат, беш жүз теңге карзынан, Калмырза кантип кутулат?" Муну угуп отуруп, кадырлуу Шабдан "бул ким, кайдан келген неме" деп калат окшойт, анан андан ары төгүп кирет: "Өз уругум чертике, өзгө эл айтат келдике, аркы түбүм сарбагыш, алыста тентип жүргөнүм, арстаным, сизге чоң намыс". Муну угуп, Калмырзанын ырчылык өнөрүнө баа берип, абдан берешен киши катары таанылган Шабдан жанынан беш жүз теңге чыгарып берип, Кеминдин атактуу байлары Мамбетаалы менен Сооронбайдын уулу Дүргө табыштап, "бул ырчыны өз айлына алып келгиле" дейт. Көчүрүп келүү кыйла кечиге берет. Чоң-Кеминдин сазына Чолпонбай дегендин ашына Чүйгө келип Калмырза "айткылачы, баатырлар, айыл коном кимиңе?" деп ыры менен Дүрдү жана Мамбетаалыны качырып кирет. Экөө кеңешип туруп Калмырзаны Сары Өзөн Чүйгө көчүрүп келет. Ошондон кийин Мамбетаалы менен Дүрдү ээрчип, башка аш-тойлорго барып жар чакырып жүрөт.Жарчы. Калмырзанын үнү абдан бийик, алыска жеткен, жагымдуу эле, минген аты, кийген кийими да сыпайы болгон, андыктан аны аш-тойлордо жар чакырууга коюшкан. Жар чакырууда меймандардын ким экендигин, кайдан келгендигин, бул жерде кимдикине конок болорун, кандай оюндар өтөрүн, анда кимдер чыгарын, кандай байгелер коюларын, оюн кандай жүрүп жатканын, байгени ким утканын, ырчылардан ким менен ким айтышарын, кыскасы, аш-тойдун жүрүшүн, эрежелерин, элдик нарктарды жарыялап турган. Аш-тойдун эң кыдырлуу адамы да жарчы болгон, ошол иш-чаранын баа-баркы да анын жарчысы менен аныкталган. Соң-Көлдө Тыныстандын, Чүйдө Чолпонкулдун уулу Жапаркулдун ж.б. көптөгөн атактуу адамдардын аш-тойлорунун жарчысы катары Калмырзанын эл ичинде даңазасы тарап кетет.Казак ырчылары менен достугу. Калмырза Таласта да, Чүйдө да казак ырчылары менен мамилесин үзгөн эмес, көбүнчө аш-тойлордо алар менен жолугушуп, айтышып турган. Жөжө ырчыдан тышкары анын Жамбыл Жаба уулу менен кадырлаштыгы болгон, Жамбылга "Жамбылым, жаз жамгырдай нөшөрлөйсүң, ак шумкардай бийик учуп көкөлөйсүң, карача нардай калдайып көрүнөсүң, ак тулпардай жылкы ичинен бөлүнөсүң" деп баа берген. Жамбыл Шабдандын ашына келип Калмырзанын киши колдуу болуп өлгөнүн укканда аябай кейиген жери айтылып жүрөт. Жамбыл акын кыргыздардан Токтогул менен Калмырзаны устаттарым дейт. Калмырзанын казактын Сарбас (Тилеули) деген ырчысы менен суроо-жооп, табышмактуу айтышканы белгилүү. Казак маалыматтарына караганда, бул айтышты кыргыздардан Шабдан, Байтик, казактардан Ногойбай, Кебекбай, Бөлтүрүк деген эл башылары уюштуруп, тамашага батышкан. Эсперген ырчы менен да ээрчишип ырдашып жүргөн, Таласта жүргөндө Шабданга ошол казак ырчысы алып барган деп айтылат.Калмырзага берилген баа. Тоголок Молдо: "Үнү тунук шаңкылдап, сайрачу эле Калмырза, ырын тизип танаптап, байлачу эле Калмырза, адамдын дилин кубантып, жайлачу эле Калмырза", Белек Солтонов:"..."Манас", "Семетейди" айтпаган, кара ырга өзүн кошуп ырдаганда мындай ырчы бүтүндөй кыргызда болбогон деп айтууга болот", "Кара жаак Калмырза, тилинде калы бар мырза, кайкы тили дал мырза, какшап ырдап турганда, кадыр түнгө дал мырза, Калмырза менен кармаштым, кадыр түн менен арбаштым" (Барпы апыз), "Казак, кыргызга бирдей таанылган кара жаак ырчы" (Ысмайыл Борончиев) дешкен. Калмырзанын өзүнө өзүнүн берген баасы: "Жамак ырга калганда Сагынбайды жеңгемин, Тыныбекти таштадым, тынбай ырдап какшадым", "Айтып жүрдүм арылдап, тоодон аккан кашка суу агынындай шарылдап, бектер минген бедөөнүн жүрүшүндөй арымдап, ободогу шумкардын канатындай барылдап, бул дүйнөдө арман жок, мендей ырчы калган жок".Шабдан баатырды ажыга узатканда жана тосуп алганда... Кыргыз элине өтө кеңири тараган ыры — Шабдан баатырды Меккеге узатып жаткандагы төрт сабы. 1904-жылкы окуя. Көпчүлүк эл баатырды узатып жатканда Калмырза "баатыр Шабдан кеменгер, ак боз бээден жүз сойсок да, атын Шабдан жүз койсок да, ааламдан чыкпайт сизге тең, аман барып, эсен кел" деп ырдап жатканда Шабдан (айрым варианттарда анын жигити Баяке) "токтот, Калмырза! Ары жагын бузуп аласың!" деп токтотуп койгон экен. Ушул саптарды бирөөлөр кошоматтануунун классикалык үлгүсү катары баалап келсе, бирөөлөр ырчынын чеберчилигине баа берет. Кийин ажыдан кайтып келгенде, жарым жылдан соң Калмырза ажылыкка баатыр менен кошо аксакал болуп калган жан жигити Баяке, ак элечек оронгон зайыбы барганын айтып келе жатып, "жарты чака пулу жок, жалдап алар кулу жок, эрмек болуп баатырга, куудул барды ажыга" деп Карачунактын Меккеге барганын чымчып айтып, Шабданга кер какшык оодарып, элди күлдүргөн экен. Көрсө, Карачунак Шылдыр уулу Кичи-Кеминдин Жол-Булагында туулган сарыбагыштын чечейинен болот экен, көмүрдөй кара, олбурлуу, кулагы чунайган, куудул неме чын эле апенди чалыш киши болуптур, дубана жүрүш менен ойду-тоону сүйлөгөн ошол жетим баланы Шабдан жактырып аттокуру кылып алган, аны Меккеге ээрчитпей эле коёлу деп Баяке айтса, кеңпейил Шабдан "койчу эми, бизге эрмек болуп барып келсин" деп койгон экен. Калмырзанын "бул сыяктуу кыргыздан, кими бардың ажыга" дегени ошондон да. Калмырзанын тайманбастыгы, сөз тапкычтыгы, акырын жылжытып мууздап өтүшү бул жолу да элге жага берет.Эл башылар менен чогуу жүргөн. Калмырзаны Чоң-Кеминден Шабдан баатыр, Сооронбай бийдин уулу, тынайлардын жакшысы Дүр, сарыбагыштардын дагы бир жакшысы Муратаалы уулу Мамбетаалы, солтолордон Канай уулу Бошкой, Ат-Башыны жердеген сарыбагыш Кайдуу уулу Чоко манап, саяктардан жумгалдык Байзак менен Чыны уулу Көкүмбай ж.б. бүт арка кыргыздарына таанымал байлар, бийлер, манаптар аш-тойлоруна чакырып, ырдатып турган. Бирок Калмырза алардин бирине да "эшик ырчы" болгон эмес, себеби анын ошондой бетке чабар, эч кимге жагынбаган мүнөзү бар эле. Ошолор менен үзөңгүлөш жүргөнгө өзү да бай-манаптардай жүрүш кылчу экен, алардан мал-кел да алып туруптур.Айтыштардын чебери. Калмырзанын көптөгөн айтыштарынын ичинен Найманбай менен айтышуусу бар. Өтө курч, өтө кордоо, бирин-бири чукушкан мыкты айтыштардын бири. Жыламаштын сазына Чолпонкулдун уулу Жапаркулдун ашына алты болуш эл чакырылган экен. Калмырза 34-35 жаштарда. Ашка жарчы болуу милдети Найманбайга тагылган экен, даңазалуу Балыктын уулу Найманбай Калмырзадан жыйырма жаштай улуу. Бир себеп болуп Найманбай кечигип калат, аш ээси ошондо ачуусу келип жарчылыкты Калмырзага бере салат. Найманбай келгенде Калмырза аш башкарып жаткан болот. Экөөнүн Таластан берки бир жактырбастыктары барбы, бири-бирин кектей баштайт. Албетте, Найманбай чоң ырчы, өзүн алгыр тайганга, буудайыкка теңейт да, Калмырзаны бөдөнө да кууп көрбөгөн, бүркүттүн тепкөөрүндө калган кыргыйдай көрөт. Ырында түз эле ошентип айтат. Буга Калмырза арданат да, кара жаагын сабап: "Сен Балыктын уулу Найманбай, бакырган төөдөй айбан ай, сөз айтасың ар кандай, айбан болсоң чөп берем, тайган болсоң бок берем, адам туруп куш болдуң, карыганда Наяке, сен Калмырзага туш болдуң", — деп аябай шылып кирет. Ал каршысын кордоо жагынан да чукугандай сөз тапкан ырчы болгон. Бет маңдайындагы ырчысын адегенде эле каптап кирип, психологиялык чабуулга өтүп алат, мисалы, Калыкка беттешин "буту-колуң талкалап, сындырамын мен сени, ашка-тойго кыдыртпай, тындырамын мен сени" деп баштаса, ансыз да көзү азиз Барпыны "оң көзүңдү оёмун, сол көзүңдү соёмун, сокурайган көзүңө далпараң баса коёмун" деп каптап кирет. Ал Барпы апыздын абдан жинине тийип, анын ачуусун козгоп, апызды бүт таланты менен ырдоого мажбур кылган. Уйкашы "урайын" менен коштолуп отурган классикалык айтыш ошондо чыккан. Калмырзанын айтыш өнөрүндөгү ысымы Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет, Барпы, Көчүбай ж.б. көптөгөн өнөрпоздор менен сөз эрөөлүндө даңазаланган.Дастандары, кордоо, мактоо ырлары. Калмырза манас айтпаганы менен казактардын "Кыз Жибек", "Муңдук-Зарлык", кыргыздардын "Акмөөр", "Качкан кыз", "Буудайык" деген дастандарын, поэмаларын өз варианты менен ырдап жүргөн. Ал байларды, анын ичинен манаптарды, болуштарды кордоп ырдагандыгын солто Айылчы байды, Курман жана Мамырбай болуштарды, Тезекти, ат-башылык Казы болушту, Ташмат байды ж.б. адамдарды ырдаганынан көрөбүз, кордоо ырында ал ырдап аткан адамын өтө паска түшүрүп, шылдың кылган. Ал эми мактоо ырларында адамды асманга чыгара көкөлөткөн (Шабдан, Көкүмбай, черик болушу Базаркул, Эсенкул ж.б.) Шабдандын балдары, Сагынбай манасчы, Куйручук куудул менен жакшы мамиледе болгон.Калмырзанын адамдык жана акындык өзгөчөлүктөрү. Анын үнү өтө бийик болгон, жамаатты дароо өзүнө карата алган, өткүр, курч адам болуп, ошого жараша сөздөрдү таап ырдаган. Өтө берешен болуп, жанына көп дүйнө-мүлк жыйбаган, мырзалык мүнөз күткөн, марттык менен тапкандарын элге тарата берген, адеми кийинип жүргөн, өзүн ээн-эркин кармаган. Сөздөрү куюлушуп, өзүнчө эле ырга келип турган. Куйкум сөздү, юморду көп колдонгон. Айтыштарда каршысын шылдыңдап, угуп отургандарды күлдүргөнгө маш болгон. Осмонкул Бөлөбалаев Калмырзаны мындай деп мүнөздөйт:Калк ичинде Калмырза,Кара жаак ырчы экен.Айтымына карасак,Ак болоттой курч экен.Көп жыйындын алдында,Күкүктөй сайрап турчу экен.Ак калпак элдин ичине,Абыдан кызмат кылчу экен.Ак боз ат минип шаркылдап,Ак кымкап кийип жаркылдап,Кызыганда кетчү экенКызыл тили балкылдап.Топ жыйындын ичинде,Торгойдой үнү шаңкылдап.Эрди түйрүк, кара сур,Үнү бийик заңкылдап.Кыйкырса үнү чаңырып,Кызыса кеби жаңырып,Атка минип заңкылдап,Ак шумкар куштай, чамынып.Айта берсе ар жактан,Айтар сөзү табылып.Улуу-кичүү, кары-жаш,Урматтачу жабылып.Ал дагы калды бир күнү,Куу өлүмгө багынып.Айтышканда Калмырза,Алдына акын салбады.Жалпы кыргыз баш кошкон,Жарышынан калбады.Уккан адам кебине,Дагы уксак деп канбады.Жолго салып айдаса,Жоргосунан танбады.Элине кеби тарабай,Ичинде кетти арманы.Теңчиликтин жогунан,Же бир терме сөзү калбады.Кең Сары-Өзөн оюнан,Кенен Чүйдүн боюнан,Булбулдай тилин жаныган.Акын болуп жаңыдан,Анык акын экен деп,Ак калпак кыргыз тааныган.Сөзү чала ырчыны,Ыры менен каарыган.Озуп чыккан ырчы эле,Өз катары табынан.Өлмөйүнчө тайган жок,Башында сыймык багынан.Арбын жашап жүрө албай,Кайран эр тайды тагынан.Ырчынын өлүмү. Калмырза 44кө чыккан жыл экен. Жумгалда болуштукту Көкүмбай менен Курман талашып, эл экиге бөлүнөт. Кыргыз тарыхындагы эң бир балит шайлоо катары ал окуяны бир кыйла ырчылар чыгармаларында чагылдырган. Ошондо үгүтчү катары Калмырза Көкүмбай тарап болуп, Курманды шылдыңдап ырдайт. Ошол себеп болуппу, же дагы башкасы барбы, айтор, Калмырза өлтүрүлөт, сурак кылган да, кунун кууган да эч ким болбойт, кабар да кеч келет. Бир аялы эки баласы менен барып ырчынын сөөгүн Жумгалдын Түгөл-Сайына коюп кайтат. Байзак чабарман жиберип Шабданга айттырып, ырчынын табышмактуу өлүмү "басты-басты" болуп калат... Он-Бир-Жылга айылындагы бир көчөгө Калмырза Сарпек уулунун ысымы ыйгарылган.
https://sputnik.kg/20241215/alykul-osmonov-tuuraluu-7-fakt-1090798083.html
https://sputnik.kg/20240330/toktogul-satylganov-tuuraluu-fakt-1083844734.html
https://sputnik.kg/20231217/ehr-toshtuk-10-fakty-1081322526.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0f/1077065055_988:835:2606:2048_1920x0_80_0_0_33a33a9e3eb3f87aff7a9595ce39c695.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, тарых, айтыш, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, калмырза ырчы
кыргызстан, тарых, айтыш, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар, калмырза ырчы
Калмырза ырчы жөнүндө көп айтылбайт, буга биринчиден, ырчынын аз гана өмүр сүрүп, чыгармачылыгы кеңири аймактарга тарабай калгандыгы, экинчиден, ырлары өз оозунан же башка шакирттеринин айтуусунан кагазга түздөн-түз толук түшүрүлбөгөндүгү себеп. Мындан тышкары, акындын чыгармачылыгы адабиятчылар тарабынан ар тараптуу талдоого алынган эмес. Төртүнчүдөн, ар кайсыл муундагы, анын ичинде азыркы муундагы ырчылардын бул акындын чыгармаларын өз репертуарына киргизип, эл алдында аткарган жок. Атактуу тарыхчы Белек Солтонов "...кара ырга өзүн кошуп ырдаганда мындай ырчы бүтүндөй кыргызда болбогонун" айтып кеткен жери бар.
Биз бүгүн ошол унутулган ырчы тууралуу 13 фактыны сунуш кылабыз.
Акындын туулган жери жана жаштык жылдары. Өтө так болбосо да туулган жылын 1866-жыл деп жазып келебиз. Туулган жери Токмоктун үстү жагындагы, тоо түбүндөгү Он-Бир-Жылга айылы. Уруусу – сарыбагыш, уругу – чертике. Айтуудан атасы Сарпек өтө жакыр, колунда жок адам болгон экен. Бала кезде Кайыңды деген жакка жанын багар жай издеп кадимки Бошкой манаптын балдарына жалчы жүрөт, чиркейге сордурат, кетмен тартып арык чабат, чарыкка буту кесилет, мал карашат, отун алышат. Байсейит, Бошкой деген атактуу байлар орток жайлоо деп Таластын башы Каракол жакка чыкчу экен. Тагдыры ошол жак менен байланышат.
Көчүбай жана Чоңду менен айтыштары. Калмырзанын атын тааныткан окуя анын Көчүбай менен жана Чоңду менен айтышы болгондугун адабиятчы Батма Кебекова белгилейт. Көчүбай кушчу уруусунун өкүлү, жыйында бүт эле анын уруулаштары отурган, ага карата Калмырза адегенде эле "оо, ушунун баары кушчубу, кушчунун баары ырчыбы, бири ырдаса, баары ырдайт, баарынын оозу жабырлайт" деп кер какшык менен ырын төгүп кирет. Чоң ырчы Чоңду менен айтышканда Калмырза анын тууган-уругун, жек-жаатын, ал-акыбалын бүт сурап келип, өзү жөнүндө болсо, "мине элекмин бууданды, көрө элекмин тууганды" деп арманын айта коёт, андай десе, Чоңду "эки сакал чыкканча эл бетин көрбөгөн" деп, тентип келген адам катары аны мыскылдайт.
Ырчынын Таластагы күндөрү. Калмырза ошентип Талас жакта жүрүп, кумар ойногонго кызыгып кетет, бирде утат, анан уттурганда ат-тонунан айрылып, сарыбагыш эли, Чүй жери көздөн учат. Ырларына караганда Чүйгө бир келип, кайра дагы бир жолу барган сыяктуу. Анан кумардан оолактап, ырга өтөт. Чоңду (Сары ырчы), Балык, Сартбай Байжигит уулу деген казак-кыргызга даңазасы тараган, а түгүл Токтогулга устат болгон ырчылардын ырын угат. Олуя-Ата (азыркы Тараз), Меркеге чейин ыр кууп барат. Казактар ичинде кыргыз, кыргыздар ичинде казак ырчысы атыккан атактуу Жөжө (Чөжө) Каржообай уулу (казакча Шөже Қаржаубайұлы) (1808–1895) менен жолугуп, анын насаат сөздөрүн угат. Талас жергесинде ырчылык шыгы ойгонот. Калмырза Таласта жүрүп эки аялдан төрт эркек балалуу болуп, ордунан козголгусу келбей калган, бирок туулган жери улам көздөн уча берген. "Ырыстуу эрдин астына, ырчы келет какылдап, ырысы жок адамга, доочу келет шакылдап" дегендей ырлары ошондо чыккан шекилдүү.
Шабдан баатырга арманын айтканы. Бир ашка "эки Кемин жайлаган, элиртип кулун байлаган" кадимки Жантай хандын уулу Шабдан баатыр барып калат. Ошондо Калмырза Таластан кете албай карызга батып жүргөн убагы экен, минтип ырдап ийиптир: "Карадан туулган хан Шабдан, айта турган арзым бар, беш жүз теңге карзым бар, санасам санаам тутулат, беш жүз теңге карзынан, Калмырза кантип кутулат?" Муну угуп отуруп, кадырлуу Шабдан "бул ким, кайдан келген неме" деп калат окшойт, анан андан ары төгүп кирет: "Өз уругум чертике, өзгө эл айтат келдике, аркы түбүм сарбагыш, алыста тентип жүргөнүм, арстаным, сизге чоң намыс". Муну угуп, Калмырзанын ырчылык өнөрүнө баа берип, абдан берешен киши катары таанылган Шабдан жанынан беш жүз теңге чыгарып берип, Кеминдин атактуу байлары Мамбетаалы менен Сооронбайдын уулу Дүргө табыштап, "бул ырчыны өз айлына алып келгиле" дейт. Көчүрүп келүү кыйла кечиге берет. Чоң-Кеминдин сазына Чолпонбай дегендин ашына Чүйгө келип Калмырза "айткылачы, баатырлар, айыл коном кимиңе?" деп ыры менен Дүрдү жана Мамбетаалыны качырып кирет. Экөө кеңешип туруп Калмырзаны Сары Өзөн Чүйгө көчүрүп келет. Ошондон кийин Мамбетаалы менен Дүрдү ээрчип, башка аш-тойлорго барып жар чакырып жүрөт.
Жарчы. Калмырзанын үнү абдан бийик, алыска жеткен, жагымдуу эле, минген аты, кийген кийими да сыпайы болгон, андыктан аны аш-тойлордо жар чакырууга коюшкан. Жар чакырууда меймандардын ким экендигин, кайдан келгендигин, бул жерде кимдикине конок болорун, кандай оюндар өтөрүн, анда кимдер чыгарын, кандай байгелер коюларын, оюн кандай жүрүп жатканын, байгени ким утканын, ырчылардан ким менен ким айтышарын, кыскасы, аш-тойдун жүрүшүн, эрежелерин, элдик нарктарды жарыялап турган. Аш-тойдун эң кыдырлуу адамы да жарчы болгон, ошол иш-чаранын баа-баркы да анын жарчысы менен аныкталган. Соң-Көлдө Тыныстандын, Чүйдө Чолпонкулдун уулу Жапаркулдун ж.б. көптөгөн атактуу адамдардын аш-тойлорунун жарчысы катары Калмырзанын эл ичинде даңазасы тарап кетет.

15 Бештин айы 2024, 20:03
Казак ырчылары менен достугу. Калмырза Таласта да, Чүйдө да казак ырчылары менен мамилесин үзгөн эмес, көбүнчө аш-тойлордо алар менен жолугушуп, айтышып турган. Жөжө ырчыдан тышкары анын Жамбыл Жаба уулу менен кадырлаштыгы болгон, Жамбылга "Жамбылым, жаз жамгырдай нөшөрлөйсүң, ак шумкардай бийик учуп көкөлөйсүң, карача нардай калдайып көрүнөсүң, ак тулпардай жылкы ичинен бөлүнөсүң" деп баа берген. Жамбыл Шабдандын ашына келип Калмырзанын киши колдуу болуп өлгөнүн укканда аябай кейиген жери айтылып жүрөт. Жамбыл акын кыргыздардан Токтогул менен Калмырзаны устаттарым дейт. Калмырзанын казактын Сарбас (Тилеули) деген ырчысы менен суроо-жооп, табышмактуу айтышканы белгилүү. Казак маалыматтарына караганда, бул айтышты кыргыздардан Шабдан, Байтик, казактардан Ногойбай, Кебекбай, Бөлтүрүк деген эл башылары уюштуруп, тамашага батышкан. Эсперген ырчы менен да ээрчишип ырдашып жүргөн, Таласта жүргөндө Шабданга ошол казак ырчысы алып барган деп айтылат.
Калмырзага берилген баа. Тоголок Молдо: "Үнү тунук шаңкылдап, сайрачу эле Калмырза, ырын тизип танаптап, байлачу эле Калмырза, адамдын дилин кубантып, жайлачу эле Калмырза", Белек Солтонов:"..."Манас", "Семетейди" айтпаган, кара ырга өзүн кошуп ырдаганда мындай ырчы бүтүндөй кыргызда болбогон деп айтууга болот", "Кара жаак Калмырза, тилинде калы бар мырза, кайкы тили дал мырза, какшап ырдап турганда, кадыр түнгө дал мырза, Калмырза менен кармаштым, кадыр түн менен арбаштым" (Барпы апыз), "Казак, кыргызга бирдей таанылган кара жаак ырчы" (Ысмайыл Борончиев) дешкен. Калмырзанын өзүнө өзүнүн берген баасы: "Жамак ырга калганда Сагынбайды жеңгемин, Тыныбекти таштадым, тынбай ырдап какшадым", "Айтып жүрдүм арылдап, тоодон аккан кашка суу агынындай шарылдап, бектер минген бедөөнүн жүрүшүндөй арымдап, ободогу шумкардын канатындай барылдап, бул дүйнөдө арман жок, мендей ырчы калган жок".
Шабдан баатырды ажыга узатканда жана тосуп алганда... Кыргыз элине өтө кеңири тараган ыры — Шабдан баатырды Меккеге узатып жаткандагы төрт сабы. 1904-жылкы окуя. Көпчүлүк эл баатырды узатып жатканда Калмырза "баатыр Шабдан кеменгер, ак боз бээден жүз сойсок да, атын Шабдан жүз койсок да, ааламдан чыкпайт сизге тең, аман барып, эсен кел" деп ырдап жатканда Шабдан (айрым варианттарда анын жигити Баяке) "токтот, Калмырза! Ары жагын бузуп аласың!" деп токтотуп койгон экен. Ушул саптарды бирөөлөр кошоматтануунун классикалык үлгүсү катары баалап келсе, бирөөлөр ырчынын чеберчилигине баа берет. Кийин ажыдан кайтып келгенде, жарым жылдан соң Калмырза ажылыкка баатыр менен кошо аксакал болуп калган жан жигити Баяке, ак элечек оронгон зайыбы барганын айтып келе жатып, "жарты чака пулу жок, жалдап алар кулу жок, эрмек болуп баатырга, куудул барды ажыга" деп Карачунактын Меккеге барганын чымчып айтып, Шабданга кер какшык оодарып, элди күлдүргөн экен. Көрсө, Карачунак Шылдыр уулу Кичи-Кеминдин Жол-Булагында туулган сарыбагыштын чечейинен болот экен, көмүрдөй кара, олбурлуу, кулагы чунайган, куудул неме чын эле апенди чалыш киши болуптур, дубана жүрүш менен ойду-тоону сүйлөгөн ошол жетим баланы Шабдан жактырып аттокуру кылып алган, аны Меккеге ээрчитпей эле коёлу деп Баяке айтса, кеңпейил Шабдан "койчу эми, бизге эрмек болуп барып келсин" деп койгон экен. Калмырзанын "бул сыяктуу кыргыздан, кими бардың ажыга" дегени ошондон да. Калмырзанын тайманбастыгы, сөз тапкычтыгы, акырын жылжытып мууздап өтүшү бул жолу да элге жага берет.
Эл башылар менен чогуу жүргөн. Калмырзаны Чоң-Кеминден Шабдан баатыр, Сооронбай бийдин уулу, тынайлардын жакшысы Дүр, сарыбагыштардын дагы бир жакшысы Муратаалы уулу Мамбетаалы, солтолордон Канай уулу Бошкой, Ат-Башыны жердеген сарыбагыш Кайдуу уулу Чоко манап, саяктардан жумгалдык Байзак менен Чыны уулу Көкүмбай ж.б. бүт арка кыргыздарына таанымал байлар, бийлер, манаптар аш-тойлоруна чакырып, ырдатып турган. Бирок Калмырза алардин бирине да "эшик ырчы" болгон эмес, себеби анын ошондой бетке чабар, эч кимге жагынбаган мүнөзү бар эле. Ошолор менен үзөңгүлөш жүргөнгө өзү да бай-манаптардай жүрүш кылчу экен, алардан мал-кел да алып туруптур.

30 Жалган Куран 2024, 20:08
Айтыштардын чебери. Калмырзанын көптөгөн айтыштарынын ичинен Найманбай менен айтышуусу бар. Өтө курч, өтө кордоо, бирин-бири чукушкан мыкты айтыштардын бири. Жыламаштын сазына Чолпонкулдун уулу Жапаркулдун ашына алты болуш эл чакырылган экен. Калмырза 34-35 жаштарда. Ашка жарчы болуу милдети Найманбайга тагылган экен, даңазалуу Балыктын уулу Найманбай Калмырзадан жыйырма жаштай улуу. Бир себеп болуп Найманбай кечигип калат, аш ээси ошондо ачуусу келип жарчылыкты Калмырзага бере салат. Найманбай келгенде Калмырза аш башкарып жаткан болот. Экөөнүн Таластан берки бир жактырбастыктары барбы, бири-бирин кектей баштайт. Албетте, Найманбай чоң ырчы, өзүн алгыр тайганга, буудайыкка теңейт да, Калмырзаны бөдөнө да кууп көрбөгөн, бүркүттүн тепкөөрүндө калган кыргыйдай көрөт. Ырында түз эле ошентип айтат. Буга Калмырза арданат да, кара жаагын сабап: "Сен Балыктын уулу Найманбай, бакырган төөдөй айбан ай, сөз айтасың ар кандай, айбан болсоң чөп берем, тайган болсоң бок берем, адам туруп куш болдуң, карыганда Наяке, сен Калмырзага туш болдуң", — деп аябай шылып кирет. Ал каршысын кордоо жагынан да чукугандай сөз тапкан ырчы болгон. Бет маңдайындагы ырчысын адегенде эле каптап кирип, психологиялык чабуулга өтүп алат, мисалы, Калыкка беттешин "буту-колуң талкалап, сындырамын мен сени, ашка-тойго кыдыртпай, тындырамын мен сени" деп баштаса, ансыз да көзү азиз Барпыны "оң көзүңдү оёмун, сол көзүңдү соёмун, сокурайган көзүңө далпараң баса коёмун" деп каптап кирет. Ал Барпы апыздын абдан жинине тийип, анын ачуусун козгоп, апызды бүт таланты менен ырдоого мажбур кылган. Уйкашы "урайын" менен коштолуп отурган классикалык айтыш ошондо чыккан. Калмырзанын айтыш өнөрүндөгү ысымы Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет, Барпы, Көчүбай ж.б. көптөгөн өнөрпоздор менен сөз эрөөлүндө даңазаланган.
Дастандары, кордоо, мактоо ырлары. Калмырза манас айтпаганы менен казактардын "Кыз Жибек", "Муңдук-Зарлык", кыргыздардын "Акмөөр", "Качкан кыз", "Буудайык" деген дастандарын, поэмаларын өз варианты менен ырдап жүргөн. Ал байларды, анын ичинен манаптарды, болуштарды кордоп ырдагандыгын солто Айылчы байды, Курман жана Мамырбай болуштарды, Тезекти, ат-башылык Казы болушту, Ташмат байды ж.б. адамдарды ырдаганынан көрөбүз, кордоо ырында ал ырдап аткан адамын өтө паска түшүрүп, шылдың кылган. Ал эми мактоо ырларында адамды асманга чыгара көкөлөткөн (Шабдан, Көкүмбай, черик болушу Базаркул, Эсенкул ж.б.) Шабдандын балдары, Сагынбай манасчы, Куйручук куудул менен жакшы мамиледе болгон.
Калмырзанын адамдык жана акындык өзгөчөлүктөрү. Анын үнү өтө бийик болгон, жамаатты дароо өзүнө карата алган, өткүр, курч адам болуп, ошого жараша сөздөрдү таап ырдаган. Өтө берешен болуп, жанына көп дүйнө-мүлк жыйбаган, мырзалык мүнөз күткөн, марттык менен тапкандарын элге тарата берген, адеми кийинип жүргөн, өзүн ээн-эркин кармаган. Сөздөрү куюлушуп, өзүнчө эле ырга келип турган. Куйкум сөздү, юморду көп колдонгон. Айтыштарда каршысын шылдыңдап, угуп отургандарды күлдүргөнгө маш болгон. Осмонкул Бөлөбалаев Калмырзаны мындай деп мүнөздөйт:
Күкүктөй сайрап турчу экен.
Абыдан кызмат кылчу экен.
Ак боз ат минип шаркылдап,
Ак кымкап кийип жаркылдап,
Ак шумкар куштай, чамынып.
Же бир терме сөзү калбады.
Ак калпак кыргыз тааныган.
Ырчынын өлүмү. Калмырза 44кө чыккан жыл экен. Жумгалда болуштукту Көкүмбай менен Курман талашып, эл экиге бөлүнөт. Кыргыз тарыхындагы эң бир балит шайлоо катары ал окуяны бир кыйла ырчылар чыгармаларында чагылдырган. Ошондо үгүтчү катары Калмырза Көкүмбай тарап болуп, Курманды шылдыңдап ырдайт. Ошол себеп болуппу, же дагы башкасы барбы, айтор, Калмырза өлтүрүлөт, сурак кылган да, кунун кууган да эч ким болбойт, кабар да кеч келет. Бир аялы эки баласы менен барып ырчынын сөөгүн Жумгалдын Түгөл-Сайына коюп кайтат. Байзак чабарман жиберип Шабданга айттырып, ырчынын табышмактуу өлүмү "басты-басты" болуп калат... Он-Бир-Жылга айылындагы бир көчөгө Калмырза Сарпек уулунун ысымы ыйгарылган.

17 Бештин айы 2023, 19:03