https://sputnik.kg/20250311/kubanychbek-ysabekov-salyk-ekonomika-1092567184.html
Салык кызматы быйыл ишкерлер үчүн жагымдуу өзгөртүү киргизет
Салык кызматы быйыл ишкерлер үчүн жагымдуу өзгөртүү киргизет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 1-апрелден баштап ишкерлерге эсеп-фактураны кагаз түрүндө тапшырууга мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын... 11.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-11T14:39+0600
2025-03-11T14:39+0600
2025-03-11T14:40+0600
кыргызстан
кубанычбек ысабеков
салык
экономика
мамлекеттик салык кызматы
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/02/1054829268_111:429:1198:1041_1920x0_80_0_0_23484a720064af8e6d632ecfed42761a.jpg
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 1-апрелден баштап ишкерлерге эсеп-фактураны кагаз түрүндө тапшырууга мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде суроолорго жооп берген.Ысабековдун айтымында, эсеп-фактураларды электрондук түрдө тапшыруу ишкерлерге ыңгайсыздыктарды жараткандыктан жарым жылга кагаз түрүндө тапшырууга уруксат берилүүдө. Октябрдан тартып электрондук түргө өтөт. Ага сатып алуучунун салыктык идентификациялык номерин жана сатылган товардын баасын жазуу керек.
https://sputnik.kg/20250217/kyrgyzstan-salyk-kiymylsyz-mulk-1092105144.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/02/1054829268_249:374:1170:1065_1920x0_80_0_0_1dfc82bba30c3152c0d9db688d59961f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кубанычбек ысабеков, салык, экономика, мамлекеттик салык кызматы
кыргызстан, кубанычбек ысабеков, салык, экономика, мамлекеттик салык кызматы
Салык кызматы быйыл ишкерлер үчүн жагымдуу өзгөртүү киргизет
14:39 11.03.2025 (Жаңыртылды: 14:40 11.03.2025) БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 1-апрелден баштап ишкерлерге эсеп-фактураны кагаз түрүндө тапшырууга мүмкүндүк берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин
маалымат борборундагы брифингде суроолорго жооп берген.
Ысабековдун айтымында, эсеп-фактураларды электрондук түрдө тапшыруу ишкерлерге ыңгайсыздыктарды жараткандыктан жарым жылга кагаз түрүндө тапшырууга уруксат берилүүдө. Октябрдан тартып электрондук түргө өтөт. Ага сатып алуучунун салыктык идентификациялык номерин жана сатылган товардын баасын жазуу керек.
"Мисалы, Асанов деген ишкерге товар саттым. Анын ИННин жана сатылган товардын баасын, мисалга, 500 миң сом деп жазам. Асанов ага келген "Ысабеков деген жеке ишкер 500 миң сомго товар сатты" деген билдирүүнү көрүп, туура болсо кабыл алат. Туура эмес болсо кабыл албайт. Бул система менен телефон, компьютерде иштеген жеңил болот", — деди Ысабеков.