https://sputnik.kg/20250313/arzybek-kozhoshev-eaeb-transport-1092622519.html
ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаз боюнча сынамык долбоор ишке кирет
ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаз боюнча сынамык долбоор ишке кирет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. ЕАЭБде эл аралык электрондук транспорттук коштомо кагаз колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул... 13.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-13T17:46+0600
2025-03-13T17:46+0600
2025-03-13T17:46+0600
кыргызстан
арзыбек кожошев
еаэб
транспорт
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091197477_0:163:3064:1887_1920x0_80_0_0_59625e781f00312921c2b82518d15a48.jpg
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. ЕАЭБде эл аралык электрондук транспорттук коштомо кагаз колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.Жумушчу топко ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн транспорт, санариптештирүү, салык жана бажы тармактарындагы ыйгарым укуктуу органдарынан өкүлдөр, ошондой эле бизнес-коомчулук, окумуштуулар жана бирикмелер кирет.ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев эксперттик аянтчанын жетекчиси болуп дайындалды.Долбоордун максаты — мүчө мамлекеттердин субъектилеринин ортосунда санариптик кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен электрондук документтерди алмашуу технологиясын иштеп чыгуу.Пилоттук долбоор транспорттук документтерди алууга жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана көзөмөлдөөчү процедураларды жүргүзүүдөгү чыгымдарды кыскартууга өбөлгө түзөт.Жумушчу топтун жыйынын ушул жылдын II кварталында өткөрүү пландалууда.
https://sputnik.kg/20250312/kyrgyzstan-eaeb-tovar-eksport-1092590518.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091197477_167:0:2898:2048_1920x0_80_0_0_8acb698b0e32881c187472a75a130de2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, арзыбек кожошев, еаэб, транспорт
кыргызстан, арзыбек кожошев, еаэб, транспорт
ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаз боюнча сынамык долбоор ишке кирет
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. ЕАЭБде эл аралык электрондук транспорттук коштомо кагаз колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.
Жумушчу топко ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн транспорт, санариптештирүү, салык жана бажы тармактарындагы ыйгарым укуктуу органдарынан өкүлдөр, ошондой эле бизнес-коомчулук, окумуштуулар жана бирикмелер кирет.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев эксперттик аянтчанын жетекчиси болуп дайындалды.
"Транспорт чөйрөсүндө электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча дагы бир кадам жасадык. Жумушчу топ пилоттук долбоорду киргизүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин аныктайт, ошондой эле анын ишке ашырылышын иштеп чыгат", — деди Кожошев.
Долбоордун максаты — мүчө мамлекеттердин субъектилеринин ортосунда санариптик кол тамга жана "ишенимдүү үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен электрондук документтерди алмашуу технологиясын иштеп чыгуу.
Пилоттук долбоор транспорттук документтерди алууга жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана көзөмөлдөөчү процедураларды жүргүзүүдөгү чыгымдарды кыскартууга өбөлгө түзөт.
Жумушчу топтун жыйынын ушул жылдын II кварталында өткөрүү пландалууда.