Жапаров Тажикстан менен чек ара келишимине кол коюлгандан кийин билдирүү жасады
20:09 13.03.2025 (Жаңыртылды: 10:59 14.03.2025)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жазылуу
БИШКЕК, 13-мар — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара келишимине кол коюлгандан кийин билдирүү жасады.
Өлкө башчынын кебинин урунттуу учурлары:
Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары бири-бири менен чек ара маселесин чечип бүттү. Мындан ары аймакта түбөлүк тынчтык орноду;
эми башка мамлекеттерден келген коноктор үчүн бир эле виза менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү процессин баштоо керек;
бүгүн кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Ташиев ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Бардык суроолорго жооп аласыңар;
чек ара маселесин 4 жылдан бери жети эмес, жетимиш өлчөп, бир кестик;
жарандарыбызга алмашылган айылдарын таштап кетүү албетте кыйын. Тажикстандын биз тарапка өткөн айылдарынын жашоочулары деле дал ушул сөздү айтышууда. Эки тарпка тең кыйын;
эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы өтпөйт. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат;
Достук айылынан тышкары, чек ара тилкесинде шахматтын тактасындай жайгашып калган бирин-серин үйлөр да алмашылды;
үйлөрү алмашылган жарандарыбыздын баарына заманбап үйлөрдү салып беребиз.