https://sputnik.kg/20250319/1092729062.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Мекемеден билдиришкендей, билим берүү жана илим министринин... 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T11:00+0600
2025-03-19T11:00+0600
2025-03-19T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092728930_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b5f28bd411f431ddc8e9bcd7434ac231.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Мекемеден билдиришкендей, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Мындан улам министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул кызматка дайындалганга чейин ал республиканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Мурдагы "Фламинго" паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Каныбек Туманбаевдин айтымында, мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-хол салынууда. Бул жер мурда ижарага берилгенден кийин 24 жылдын ичинде келишимде белгиленген бир да иш аткарылган эмес. Тескерисинче, курулуштар пайдаланууга жараксыз болуп, урап калуу коркунучу жаралган. Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан конгресс-холлдун айланасында эс алуу аянтчалары, аллеялар пайда болуп, маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлөт.
Бишкектеги "Аламүдүн" базарында 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имарат Муса Жалил көчөсүнө түшмөкчү.Планга ылайык, объект төрт кабаттан туруп, жер алдында дагы үч кабаты болот. Жалпы 237 унаага ылайыкташат. Учурда "Орто-Сай" базарында дагы 252 унаа бата турган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Ал Безымянная көчөсүндө жайгашып, учурда жер төлө бөлүгү дээрлик соңуна чыкты.
Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолушту. Президенттер телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшкөн. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу “абдан жакшы” өткөнүн кабарлады. Кремлден маалымдашкандай, лидерлер Россия менен АКШнын алакасын жакшыртуу зарыл экенин белгилешип, Украинадагы кырдаалды да талкуулашкан. Анда Путин Трамптын Россия менен Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуул коюуну 30 күнгө токтотуу идеясын колдоп, аскерлерге буйрук берген. Ошондой эле Россия убактылуу элдешүүдө Украина мажбурлап мобилизация жүргүзүүнү жана куралданууну токтотушу керектигин айткан. Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Ак үй да билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги “ири экономикалык келишимдерди” жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганы айтылды.
Ал арада Владимир Зеленский Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин үн катып, энергетикалык инфраструктуранын объектилерине сокку урбоо сунушуна оң баасын берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз энергетикага чабуул койбоо боюнча позицияны дайым колдоп келгенбиз", — деп жазган Киев режиминин жетекчиси. Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин америкалык өлкөнүн башчысы менен сүйлөшө электигин, бирок телефон чалат деп күтүп жатканын белгилеген.
Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Мекемеден билдиришкендей, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Мындан улам министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул кызматка дайындалганга чейин ал республиканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.Мурдагы "Фламинго" паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Каныбек Туманбаевдин айтымында, мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-хол салынууда. Бул жер мурда ижарага берилгенден кийин 24 жылдын ичинде келишимде белгиленген бир да иш аткарылган эмес. Тескерисинче, курулуштар пайдаланууга жараксыз болуп, урап калуу коркунучу жаралган. Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан конгресс-холлдун айланасында эс алуу аянтчалары, аллеялар пайда болуп, маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлөт. Бишкектеги "Аламүдүн" базарында 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имарат Муса Жалил көчөсүнө түшмөкчү.Планга ылайык, объект төрт кабаттан туруп, жер алдында дагы үч кабаты болот. Жалпы 237 унаага ылайыкташат. Учурда "Орто-Сай" базарында дагы 252 унаа бата турган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Ал Безымянная көчөсүндө жайгашып, учурда жер төлө бөлүгү дээрлик соңуна чыкты. Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолушту. Президенттер телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшкөн. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу “абдан жакшы” өткөнүн кабарлады. Кремлден маалымдашкандай, лидерлер Россия менен АКШнын алакасын жакшыртуу зарыл экенин белгилешип, Украинадагы кырдаалды да талкуулашкан. Анда Путин Трамптын Россия менен Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуул коюуну 30 күнгө токтотуу идеясын колдоп, аскерлерге буйрук берген. Ошондой эле Россия убактылуу элдешүүдө Украина мажбурлап мобилизация жүргүзүүнү жана куралданууну токтотушу керектигин айткан. Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Ак үй да билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги “ири экономикалык келишимдерди” жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганы айтылды.Ал арада Владимир Зеленский Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин үн катып, энергетикалык инфраструктуранын объектилерине сокку урбоо сунушуна оң баасын берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз энергетикага чабуул койбоо боюнча позицияны дайым колдоп келгенбиз", — деп жазган Киев режиминин жетекчиси. Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин америкалык өлкөнүн башчысы менен сүйлөшө электигин, бирок телефон чалат деп күтүп жатканын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092728930_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e5d1d9fae50a776842977d3321e89022.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио