https://sputnik.kg/20250319/1092744963.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жамааттык Батыш Борбор Азияны чайпоо аракеттерин эч качан токтоткон эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты, Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча... 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T17:00+0600
2025-03-19T17:00+0600
2025-03-19T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092744831_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_551f82e1592aa786c052a5d32dbac9de.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жамааттык Батыш Борбор Азияны чайпоо аракеттерин эч качан токтоткон эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты, Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов билдирди. Сенатор Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн. Депутаттын айтымында, Борбор Азияда Батыштын абдан олуттуу агентурасы иштейт, материалдык жана кадрдык мүмкүнчүлүгү кеңири, мындан тышкары, тажрыйбасы бай. "Биз буга каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгып жатабыз. Адатыбызча эле жамааттык Батыш деп келебиз, бирок кооптуулук ушул эле багыттан жаралбайт. Сириядагы окуялар көзөмөлдү колдон чыгаруунун аягы кандай болорун көрсөттү. Терс таасир тийгизе турган мигрция бар, өтө талуу маселе. Батыштын атайын кызматтары иштейт. Мындан башка көп кооптуулук бар. Суверенитетибиз менен коопсуздугубузду сактоо үчүн бирөөнү да көз жаздымда калтырбаш керек", — деди Климов. Ал Россия президентинин Чоң Евразиядагы жамааттык коопсуздуктун бирдиктүү системасын түзүү боюнча сунушун эске салып, бир катар көйгөйлүү маселелер чечилмек экенин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров Чүйдүн Ысык-Ата жана Таластын Манас райондоруна акимдерди дайындады. Тиешелүү тескеме чыкканын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Документке ылайык, Эркеайым Сейтказиева Чүйдүн Ысык-Ата районунун акими болгон. Ал эми бул кызматты ээлеп келген Эрмекбай Омошев Таластын Манас районунун жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Сейтказиева ушу тапта аимдердин арасындагы жалгыз аялзаты болуп эсептелет.
Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата иш-чаралардын программасын жарыялады. Маалыматка ылайык, быйыл салтанат саат 10:00дөн 19:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. "Маараке "Кел, куттуу Ноорузум" аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат. Күнү бою аянтта кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле "Кыргыз айылында" боз үйлөр тигилип, каалоочуларга кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлөрү кошумчаланды.
"Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму орус тилин колдоо ассоциациясын түзөт. Бул тууралуу Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди. Ал белгилегендей, бул салттуу руханий-адептик баалуулуктарды, билим берүү программаларын жана орус маданиятын изилдөөнүн инфраструктурасын жайылтуу аянтчасы болот. Демилге алкагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүндө орус тили жана маданият борборлору ачылып, анда мектеп окуучулары жана студенттер тил чөйрөсүнө аралашып, мугалимдер өз чеберчилигин жогорулата алышат.
Жамааттык Батыш Борбор Азияны чайпоо аракеттерин эч качан токтоткон эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты, Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов билдирди. Сенатор Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө сүйлөгөн. Депутаттын айтымында, Борбор Азияда Батыштын абдан олуттуу агентурасы иштейт, материалдык жана кадрдык мүмкүнчүлүгү кеңири, мындан тышкары, тажрыйбасы бай. "Биз буга каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгып жатабыз. Адатыбызча эле жамааттык Батыш деп келебиз, бирок кооптуулук ушул эле багыттан жаралбайт. Сириядагы окуялар көзөмөлдү колдон чыгаруунун аягы кандай болорун көрсөттү. Терс таасир тийгизе турган мигрция бар, өтө талуу маселе. Батыштын атайын кызматтары иштейт. Мындан башка көп кооптуулук бар. Суверенитетибиз менен коопсуздугубузду сактоо үчүн бирөөнү да көз жаздымда калтырбаш керек", — деди Климов. Ал Россия президентинин Чоң Евразиядагы жамааттык коопсуздуктун бирдиктүү системасын түзүү боюнча сунушун эске салып, бир катар көйгөйлүү маселелер чечилмек экенин кошумчалады. Президент Садыр Жапаров Чүйдүн Ысык-Ата жана Таластын Манас райондоруна акимдерди дайындады. Тиешелүү тескеме чыкканын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Документке ылайык, Эркеайым Сейтказиева Чүйдүн Ысык-Ата районунун акими болгон. Ал эми бул кызматты ээлеп келген Эрмекбай Омошев Таластын Манас районунун жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Сейтказиева ушу тапта аимдердин арасындагы жалгыз аялзаты болуп эсептелет.Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата иш-чаралардын программасын жарыялады. Маалыматка ылайык, быйыл салтанат саат 10:00дөн 19:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. "Маараке "Кел, куттуу Ноорузум" аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат. Күнү бою аянтта кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле "Кыргыз айылында" боз үйлөр тигилип, каалоочуларга кыргыз элинин каада-салты көрсөтүлөрү кошумчаланды."Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму орус тилин колдоо ассоциациясын түзөт. Бул тууралуу Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди. Ал белгилегендей, бул салттуу руханий-адептик баалуулуктарды, билим берүү программаларын жана орус маданиятын изилдөөнүн инфраструктурасын жайылтуу аянтчасы болот. Демилге алкагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүндө орус тили жана маданият борборлору ачылып, анда мектеп окуучулары жана студенттер тил чөйрөсүнө аралашып, мугалимдер өз чеберчилигин жогорулата алышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092744831_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d3367f81c4ee48c341e7ed1fcdc1c8c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио