https://sputnik.kg/20250319/1092750112.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Дин иштери боюнча комиссия жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, бул ирет Бишкек... 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T19:00+0600
2025-03-19T19:00+0600
2025-03-19T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092749980_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_abe95d9b1588e90e8007d475becf67d9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Дин иштери боюнча комиссия жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, бул ирет Бишкек шаарында жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жайгашкан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам жана диний билим берүүгө тиешелүү пункттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйында катышуучулардын суроолоруна адистер тарабынан жооп берилип, кабыл алынган мыйзам жана түзүлүп жаткан жоболор, ошондой эле диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жана жарандардын диний сабатуулугун өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер боюнча кененирээк маалыматтар айтылды.
Былтыр 6,2 миң тонна кызылча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 1 миллион тоннага жакын кант кызылчасы өндүрүлгөн."Былтыр 15 миң гектарга кызыл кызылча эгилди. Түшүм 993 миң тонна болуп, андан 118 миң тонна кант өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, 6 миң 225 тонна экспортко чыгарылган. Негизинен Казактсанга сатылды", — деди Чекирбаев.
Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов Борбор Азия үчүн кандай олуттуу көйгөйлөр бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө айтып берди.Сенатор Россия жана БА мамлекеттери ЖККУ, КМШ жана ШКУнун деңгээлинде кооптуулуктарды алдын алуу багытында иштеши керектигин белгилеген.Саясатчы Евразия калкынын айрым бөлүгү европалык аткаминерлердин эл көзүнө айткан сөзүн чындап маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады. "Өзөктүк куралга ээ армиянын катарында жарым миллион киши бар, бул бизден анча алыс эмес. Брюсселдеги чиновниктин сөзү эмес, мына, чындап ушул маселе маанилүү. Элдерибиздин аң-сезимин өзгөртүү керек, түшүнүү болбосо жарандык коомдун биримдигине жетишүү мүмкүн эмес", — деди сенатор.
РФ президенти Владимир Путин Украина чатагын саясий-дипломатиялык жактан чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири аталган өлкөгө аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу экенин айтты. Бул туурасында Кремлдин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылган. "Чатактын мындан ары ырбап кетпеши жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан чечүү иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү шарттардын бири — Киевге аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу", — деп айтылган анда.
Дин иштери боюнча комиссия жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, бул ирет Бишкек шаарында жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жайгашкан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам жана диний билим берүүгө тиешелүү пункттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйында катышуучулардын суроолоруна адистер тарабынан жооп берилип, кабыл алынган мыйзам жана түзүлүп жаткан жоболор, ошондой эле диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жана жарандардын диний сабатуулугун өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер боюнча кененирээк маалыматтар айтылды.Былтыр 6,2 миң тонна кызылча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 1 миллион тоннага жакын кант кызылчасы өндүрүлгөн."Былтыр 15 миң гектарга кызыл кызылча эгилди. Түшүм 993 миң тонна болуп, андан 118 миң тонна кант өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, 6 миң 225 тонна экспортко чыгарылган. Негизинен Казактсанга сатылды", — деди Чекирбаев.Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Климов Борбор Азия үчүн кандай олуттуу көйгөйлөр бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Евразиядагы коопсуздук — көйгөйлөр жана чечимдер" деп аталган видеокөпүрөдө айтып берди.Сенатор Россия жана БА мамлекеттери ЖККУ, КМШ жана ШКУнун деңгээлинде кооптуулуктарды алдын алуу багытында иштеши керектигин белгилеген.Саясатчы Евразия калкынын айрым бөлүгү европалык аткаминерлердин эл көзүнө айткан сөзүн чындап маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады. "Өзөктүк куралга ээ армиянын катарында жарым миллион киши бар, бул бизден анча алыс эмес. Брюсселдеги чиновниктин сөзү эмес, мына, чындап ушул маселе маанилүү. Элдерибиздин аң-сезимин өзгөртүү керек, түшүнүү болбосо жарандык коомдун биримдигине жетишүү мүмкүн эмес", — деди сенатор. РФ президенти Владимир Путин Украина чатагын саясий-дипломатиялык жактан чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири аталган өлкөгө аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу экенин айтты. Бул туурасында Кремлдин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылган. "Чатактын мындан ары ырбап кетпеши жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан чечүү иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү шарттардын бири — Киевге аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу", — деп айтылган анда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/13/1092749980_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cadc3fb61c9f723e80e2249437d32dd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио