https://sputnik.kg/20250326/1092888703.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык... 26.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-26T11:00+0600
2025-03-26T11:00+0600
2025-03-26T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092888571_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cc862f992f08f54b947af69a66d76ecb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, "Электрондук нотариат" системасын ККМ тутумуна интеграциялоо санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылды жана нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу финансылык операциялардын ачыктыгын жана аларды контролдоону күчөтүүгө багытталган. 2025-жылдын 26-мартынан тартып "Электрондук нотариат" системасын пайдаланган нотариустардын кызматтары ККМ колдонуудан бошотулат, ал эми нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө катталат.
ЕЭКтин коллегиясы товар декларациясы катары транспорттук, коммерциялык жана башка документтерди пайдалануу тартиби боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү киргизди. ЕЭКтен билдиришкендей, жалпы декларациянын формасынын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн бажы документин пайдалануу учурлары кеңейтилди. "Алардын катарында мурда киргизилген же чыгарылган, расмий эл аралык спорттук иш-чараларда колдонууга арналган товарларга карата атайын бажы процедурасын аяктоо мүмкүнчүлүгү бар", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул документ менен медициналык жардам үчүн адамдын органдарын жана ткандарын, кан жана анын компоненттерин декларациялоого шарт түзүлдү. Мындан тышкары, товарлардын баасын көрсөтпөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул өзгөртүүлөр айрым товар категорияларын бажылык декларациялоосун жөнөкөйлөтүп, алуучуларга жеткирүү убактысын кыскартары кошумчаланды.
Баткенде мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алып келинет. "Сыноонун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта. Сыноо ийгиликтүү өтсө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ички рынокту жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөрү кошумчаланды.
Россия менен АКШ энергосистемаларга сокку уруу боюнча мораторийге россиялык, украиналык кайсы объектилер кире турганын макулдашты. Бул туурасында Кремлден билдиришти. Тизмеге мунайды кайра иштетүүчү ишканалар; мунай, газ куурлары, аларды сактаган кампалар. Буга насостук станциялар да кошулат; инфраструктурага берилүүчү электр энергиясы, ага электр станциялар, подстанциялар, трансформаторлор жана аларды бөлүштүрө турган түзүмдөр кирген; атомдук электростанциялар; гидроэлектростанциялардын дамбалары кирет. Убактылуу мораторий 18-марттан тарта иштеп баштап, 30 күнгө созулат. Кааласа, эки тарап өз ара сүйлөшүп узартып алса болот. Эгерде мораторийди бир тарап бузса, экинчи жак андагы айтылгандарды аткарбай коюуга укуктуу болорун белгилешкен.
Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасынын контролдук-кассалык машиналарынын системасына интеграцияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, "Электрондук нотариат" системасын ККМ тутумуна интеграциялоо санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул процесс Юстиция министрлиги менен Салык кызматынын биргелешкен ишинин негизинде ишке ашырылды жана нотариалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу финансылык операциялардын ачыктыгын жана аларды контролдоону күчөтүүгө багытталган. 2025-жылдын 26-мартынан тартып "Электрондук нотариат" системасын пайдаланган нотариустардын кызматтары ККМ колдонуудан бошотулат, ал эми нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө катталат. ЕЭКтин коллегиясы товар декларациясы катары транспорттук, коммерциялык жана башка документтерди пайдалануу тартиби боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү киргизди. ЕЭКтен билдиришкендей, жалпы декларациянын формасынын ордуна жөнөкөйлөтүлгөн бажы документин пайдалануу учурлары кеңейтилди. "Алардын катарында мурда киргизилген же чыгарылган, расмий эл аралык спорттук иш-чараларда колдонууга арналган товарларга карата атайын бажы процедурасын аяктоо мүмкүнчүлүгү бар", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул документ менен медициналык жардам үчүн адамдын органдарын жана ткандарын, кан жана анын компоненттерин декларациялоого шарт түзүлдү. Мындан тышкары, товарлардын баасын көрсөтпөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул өзгөртүүлөр айрым товар категорияларын бажылык декларациялоосун жөнөкөйлөтүп, алуучуларга жеткирүү убактысын кыскартары кошумчаланды.Баткенде мандариндин жаңы сортторун сыноо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алып келинет. "Сыноонун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта. Сыноо ийгиликтүү өтсө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ички рынокту жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөрү кошумчаланды.Россия менен АКШ энергосистемаларга сокку уруу боюнча мораторийге россиялык, украиналык кайсы объектилер кире турганын макулдашты. Бул туурасында Кремлден билдиришти. Тизмеге мунайды кайра иштетүүчү ишканалар; мунай, газ куурлары, аларды сактаган кампалар. Буга насостук станциялар да кошулат; инфраструктурага берилүүчү электр энергиясы, ага электр станциялар, подстанциялар, трансформаторлор жана аларды бөлүштүрө турган түзүмдөр кирген; атомдук электростанциялар; гидроэлектростанциялардын дамбалары кирет. Убактылуу мораторий 18-марттан тарта иштеп баштап, 30 күнгө созулат. Кааласа, эки тарап өз ара сүйлөшүп узартып алса болот. Эгерде мораторийди бир тарап бузса, экинчи жак андагы айтылгандарды аткарбай коюуга укуктуу болорун белгилешкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092888571_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_296ed5550f4ec8475ba3548acc68a9c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио