https://sputnik.kg/20250329/1092977423.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Караколдун биринчи вице-мэрин кармадыУкраина буга чейин АКШдан алган каражатын карыз деп эсептебейт. Зеленский Ак үйгө жооп бердиЭми ипотека алуу үчүн... 29.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-29T13:00+0600
2025-03-29T13:00+0600
2025-03-29T13:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092977291_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a6be8d1469e71207abc2f728729f4c0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Караколдун биринчи вице-мэрин кармадыУкраина буга чейин АКШдан алган каражатын карыз деп эсептебейт. Зеленский Ак үйгө жооп бердиЭми ипотека алуу үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу кезекке турса болотАлдыда кененирээкЖакында «Түндүк» тиркемеси аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алуу үчүн кезекке турууга мүмкүн болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай мүмкүнчүлүк жарандардын аралыктан эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыруусуна шарт түзөт. "Биз жарандардын мамлекеттик мекемелелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана ачык-айкын болот. Бул чечим жарандарыбыз үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат деп ишенебиз", — деди Каныбек Туманбаев. Эми жаңы функция жакынкы убакта жеткиликтүү болуп, катталуу жана арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт. Бул жаңылык турак жай алууну жеңилдетип, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатары белгиленди.
УКМК Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. кармаганын билдирди. Ал муниципалдык жерди арзан баада сатууга шектелүүдө. Тагыраагы, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер бөлүнүп, аукционго коюлган. Кийинчерээк жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтмөй болгон. Бирок шаардын биринчи вице-мэри мындан кабардар болуп туруп, участокту менчикке өткөрүү үчүн кайрадан аукцион уюштурганы айтылды.“Андан соң Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарган. Жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору болгон”, — деп билдирди атайын кызмат. Кылмышка шектүү А.Э.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Украина Вашингтон менен пайдалуу кен казуу боюнча макулдашуунун жаңы долбоорунда көрсөтүлгөндөй АКШ берген аскердик жардамды карыз деп эсептебейт. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды. “Колдоосуна ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, буга жол бербейбиз”, — деген ал. Буга чейин Киев режиминин башчысы Украина АКШга карыз эместигин айтып, 500 тургай 100 миллиард долларын дагы карыз катары таануудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, Украина АКШдан жардамды грант түрүндө алган. Өткөн жумада “Европейская правда” басылмасы АКШ менен Украинанын кен боюнча макулдашуусунун жаңы долбоорунда Киев Вашингтондон жардамга алган акчанын баарын кайтарып бермей болгонун жазган. Басылма 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Украинага 123миллиард долларлык жардам бергенин айтууда.Украин журналисттеринин айтымында, төлөмдөрдү баштоо чечими прецедент болуп, мунун аркасында Киев режиминин башка донорлору өз салымдарын кайтарууну талап кылышы мүмкүн.
Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетип, дагы 1670 киши жаракат алды. Бул тууралуу Фран-пресс агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирген. Маалыматка ылайык, 28-мартта катталган катуу жер титирөө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында кыйроого алып келди. “Окуяга күбө болгондордун айтымында, көптөгөн турак-жайлар, административдик имараттар жана ооруканалар урап түшкөн”,-деп айтылат маалыматта.
УКМК Караколдун биринчи вице-мэрин кармадыУкраина буга чейин АКШдан алган каражатын карыз деп эсептебейт. Зеленский Ак үйгө жооп бердиЭми ипотека алуу үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу кезекке турса болотАлдыда кененирээкЖакында «Түндүк» тиркемеси аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алуу үчүн кезекке турууга мүмкүн болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай мүмкүнчүлүк жарандардын аралыктан эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыруусуна шарт түзөт. "Биз жарандардын мамлекеттик мекемелелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана ачык-айкын болот. Бул чечим жарандарыбыз үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат деп ишенебиз", — деди Каныбек Туманбаев. Эми жаңы функция жакынкы убакта жеткиликтүү болуп, катталуу жана арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздайт. Бул жаңылык турак жай алууну жеңилдетип, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатары белгиленди.УКМК Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. кармаганын билдирди. Ал муниципалдык жерди арзан баада сатууга шектелүүдө. Тагыраагы, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер бөлүнүп, аукционго коюлган. Кийинчерээк жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтмөй болгон. Бирок шаардын биринчи вице-мэри мындан кабардар болуп туруп, участокту менчикке өткөрүү үчүн кайрадан аукцион уюштурганы айтылды.“Андан соң Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарган. Жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору болгон”, — деп билдирди атайын кызмат. Кылмышка шектүү А.Э.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Украина Вашингтон менен пайдалуу кен казуу боюнча макулдашуунун жаңы долбоорунда көрсөтүлгөндөй АКШ берген аскердик жардамды карыз деп эсептебейт. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды. “Колдоосуна ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, буга жол бербейбиз”, — деген ал. Буга чейин Киев режиминин башчысы Украина АКШга карыз эместигин айтып, 500 тургай 100 миллиард долларын дагы карыз катары таануудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, Украина АКШдан жардамды грант түрүндө алган. Өткөн жумада “Европейская правда” басылмасы АКШ менен Украинанын кен боюнча макулдашуусунун жаңы долбоорунда Киев Вашингтондон жардамга алган акчанын баарын кайтарып бермей болгонун жазган. Басылма 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Украинага 123миллиард долларлык жардам бергенин айтууда.Украин журналисттеринин айтымында, төлөмдөрдү баштоо чечими прецедент болуп, мунун аркасында Киев режиминин башка донорлору өз салымдарын кайтарууну талап кылышы мүмкүн. Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө жетип, дагы 1670 киши жаракат алды. Бул тууралуу Фран-пресс агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирген. Маалыматка ылайык, 28-мартта катталган катуу жер титирөө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында кыйроого алып келди. “Окуяга күбө болгондордун айтымында, көптөгөн турак-жайлар, административдик имараттар жана ооруканалар урап түшкөн”,-деп айтылат маалыматта.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092977291_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4675c67b24e235de9e924142c0b78200.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио