https://sputnik.kg/20250329/1092983503.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Орозо... 29.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-29T16:59+0600
2025-03-29T16:59+0600
2025-03-29T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092983371_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_48182978d5fdb0df81afd56e85308acc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Орозо айттын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. 30-мартта өлкө аймагындагы мечиттерде 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт. ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.
Айыл чарба министрлиги картошкасын сата албай калган дыйкандардын арыз-муңуна жооп берди Министрлик картошка сатууга январь-февралда жакшы шарт түзүлүп, бирок аны айрымдар колдонбой койгонун билдирди. “Январда Казакстан менен Өзбекстан бизден картошка ала баштагандыктан баа өскөн. Орточо дүң баа 35-40 сом болуп турган. Ошондо Нарын менен Ысык-Көлдү кыдырып азыр сатып калгыла деп эскерткенбиз. Бишкектин ири базарларынан да орун берели, өзүңөр келип саткыла дегенбиз, бирок эч ким келбей койгон”, — деди министрлик. Ведомство өлкөгө Иран менен Кытайдан картошка киргенин тастыктап, импортко тыюу салынса баа мындан да өсүп кетерин белгиледи.
Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арсланбек Базиев билдирди. Белгиленгендей, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарган-38, энергетика тармагында - 24, тамак-аш өнөр жайында - 21, тоо-кен өнөр жайын тармагында -15, жеңил өнөр жай тармагында -9 ишкана ачылат. Мындан сырткары, унаа куруу, фармацевтика жана башка тармактарда өнөр жай обьектилери иштеп баштайт. “Облустарга бөлүп карай турган болсок:Чүй облусунда- 32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17,Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда- 13, Талас облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ош шаарында-8 ишкана ачылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестициялар, ал эми 40%ы тышкы инвестициялар болот”,-деди Базиев.
Төрөлгөндүгү, нике, каза болгондугу тууралуу күбөлүктөр жакында өзгөрөт. Тышы катуу китепченин ордуна эми документ А4 форматындагы кагазга чыгарыла турган болду. Документтер алгач жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган системасында пайда болот. "Түндүк" тиркемесиндеги электрондук варианты кагаз түрүндөгүдөй эле юридикалык күчкө ээ. Ээси кааласа, документ кагаз түрүндө чыгарылып берилет. Сүрөттөрдө күбөлүктөрдүн эскиздери көрсөтүлгөн. Анын аныктыгы QR-код менен текшерилет.
Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Орозо айттын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. 30-мартта өлкө аймагындагы мечиттерде 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт. ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.Айыл чарба министрлиги картошкасын сата албай калган дыйкандардын арыз-муңуна жооп берди Министрлик картошка сатууга январь-февралда жакшы шарт түзүлүп, бирок аны айрымдар колдонбой койгонун билдирди. “Январда Казакстан менен Өзбекстан бизден картошка ала баштагандыктан баа өскөн. Орточо дүң баа 35-40 сом болуп турган. Ошондо Нарын менен Ысык-Көлдү кыдырып азыр сатып калгыла деп эскерткенбиз. Бишкектин ири базарларынан да орун берели, өзүңөр келип саткыла дегенбиз, бирок эч ким келбей койгон”, — деди министрлик. Ведомство өлкөгө Иран менен Кытайдан картошка киргенин тастыктап, импортко тыюу салынса баа мындан да өсүп кетерин белгиледи. Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арсланбек Базиев билдирди. Белгиленгендей, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарган-38, энергетика тармагында - 24, тамак-аш өнөр жайында - 21, тоо-кен өнөр жайын тармагында -15, жеңил өнөр жай тармагында -9 ишкана ачылат. Мындан сырткары, унаа куруу, фармацевтика жана башка тармактарда өнөр жай обьектилери иштеп баштайт. “Облустарга бөлүп карай турган болсок:Чүй облусунда- 32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17,Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда- 13, Талас облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ош шаарында-8 ишкана ачылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестициялар, ал эми 40%ы тышкы инвестициялар болот”,-деди Базиев. Төрөлгөндүгү, нике, каза болгондугу тууралуу күбөлүктөр жакында өзгөрөт. Тышы катуу китепченин ордуна эми документ А4 форматындагы кагазга чыгарыла турган болду. Документтер алгач жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган системасында пайда болот. "Түндүк" тиркемесиндеги электрондук варианты кагаз түрүндөгүдөй эле юридикалык күчкө ээ. Ээси кааласа, документ кагаз түрүндө чыгарылып берилет. Сүрөттөрдө күбөлүктөрдүн эскиздери көрсөтүлгөн. Анын аныктыгы QR-код менен текшерилет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1d/1092983371_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_61816e8692d8a762eb8a45be946a6db7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио