00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Айыл өкмөт” тасмасынын мурунку “Айыл өкмөтү” киносу менен кандай байланышы бар?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Диагноз – убийство. Пуаро и медицинские детали в детективах
18:06
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
"Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Ага президент Садыр Жапаров кол койгону кабарланды. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-мартта кабыл алынган. Эми санарип сом өлкө аймагында төлөм каражаты болот. Ошондой эле документте санарип сомду чыгаруу, жөндөө, жүгүртүү боюнча беренелер киргизилген. Аларга ылайык, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта деп кабылданат. Улуттук банк аны чыгаруу боюнча өзгөчө укукка ээ жана жүгүртүү, уюштуруу тартибин аныктамакчы. Мыйзам 2027-жылдан баштап күчүнө кирип, санарип сом ошондо жүгүртүүгө чыгарылат.
Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводго Баткендин башчысы Айбек Шаменов барган. "Ишкана пайдаланууга берилсе бензиндин АИ-92, АИ-95 түрү, дизелдик отун, битум, газ жана башка майлар чыгарылат. Заводго чийки зат Бүргөндүдөн ташылып, кубаттуулугу күнүнө 500 тоннаны түзөт", — деп айтылат маалыматта. Заводдо 200, мунайды жер астынан казып алууда 250 жумуш орду түзүлөт. Жалпы 90 миллион доллар инвестиция салынууда.
Адамды уурдап барып сабап, акчасын, телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 13-апрель саат түнкү 3:00дөр чамасында болгон. "Жабырлануучуну үч киши Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салып, Жамгырчинов жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине алып барышкан. Ал жерден токмоктоп, бычак менен коркутуп 6 миң сом жана Redmi 11 маркасындагы телефонун алып кетишкен", — деп айтылат маалыматта. "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 20, 21 жана 27 жаштагы үч киши кармалды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин 50 миллиард долларга Patriot зениттик-ракеталык комплексин сатып бер деген сунушун кабыл алган жок. Бул туурасында РИА Новости Bild басылмасына таянып жазды. "Билесиздерби, ал дайыма ракета алдыргысы келет. Бирок согушка кирерде жеңилип калуу мүмкүн экендигин эске алуу кажет. 20 эсе кубаттуу болгон тарапка каршы кармаш баштабаш керек. Анан кимдир бирөө ракета берет экен деп күтүп отурган болбойт", — деген Трамп. Ак үй жетекчисинин мындай чечими Москва менен диалогду бекемдеп жана сактап калуу каалоосунан улам кабыл алынганы айтылды. Бул Украина боюнча тынчтык келишимин түзүү үчүн жасалып жатканын кошумчалашты. Шаршембиде Украинанын экономика министри Тарас Качка Киев менен Вашингтондун жакынкы күндөрү кымбат кен байлыктарды казуу жаатында келишимге кол коюшарын айткан эле. Украина ЖМКлары эки тараптын жаңы макулдашуусу Киевге Вашингтон көрсөткөн жардамын кайтарып берүү болуп саналарын жазышкан. Ошондой эле бул документ мурда АКШ, Украина макулдашкан дээрлик бардык "кызыл сызыктарды" бузары, аталган өлкөнү кайсы бир деңгээлде эгемендүүлүгүнөн ажыратары жана анын келечекте ЕБге кирүү пландарына каршы келери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0