00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Айыл өкмөт” тасмасынын мурунку “Айыл өкмөтү” киносу менен кандай байланышы бар?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Диагноз – убийство. Пуаро и медицинские детали в детективах
18:06
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМК парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевди чакырып сүйлөштү. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Сыдыгалиев буга чейин Жогорку Кеңеште "Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун иши токтотулганда прокуратура тарабынан коррупцияга жол берилгенин билдирген. Вице-спикер мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен "Мегакомдун" мурдагы жетекчисинин катышуусунда жүргүзүлгөн иликтөө андай эмес экенин көрсөткөн. Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылары жок экенин мойнуна алган. Атайын кызмат парламент төрагасынын орун басарын мындан кийин эл алдында такталбаган билдирүүлөргө жол бербөөгө чакырды.
Баткен облусунда газобетон чыгарган завод курулуп жатат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коомунун автоклавдык газобетон чыгаруучу заводу Баткен облусунун Кадамжай районунун Жеңиш айылында курулуп жатат. Анын курулуш менен Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов барып таанышкан. Дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы курулуш материалын чыгаруучу ишкана үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бүтүшү күтүлүүдө. Ишкана жылына 160 миң куб метр продукция чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. 150 жумуш оруну түзүлөт.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева россиялык кесиптеши Татьяна Москалькова менен жолугуп, мигранттардын укугун коргоону талкуулады. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты. Жаманбаева 10-апрелде Москвадагы "Бодрость" мончосунда болгон окуя боюнча тынчсыздануусун билдирип, Россиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковадан кыргызстандыктардын укугун коргоого көмөк көрсөтүүнү суранган.Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Россиянын прокуратурасы жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын маалымдады. "Бул окуяга мен реакция жасадым, өзүм көзөмөлдөйм. Учурда биздин өлкөдө коопсуздукту күчөтүү талап кылынууда. Бирок коопсуздук чараларын күчөтүү менен бирге мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керек", — деди Россиянын акыйкатчысы. Ал ошондой эле жакында Шереметьево аэропортунда мигранттарга жасалган катаал мамиле боюнча Чек ара жана Бажы кызматтары менен биргеликте чара көргөнүн кошумчалады.
ЕАЭБ менен Пакистандын ортосунда эркин соода келишимин түзүү талкууланууда. Бул тууралуу Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди. Ал Федерация кеңешинин жалпы жыйынындагы өкмөттүк саатта маалымат берген. "Негизги максат — Евразия мейкиндигинде соода шарттарын жакшыртуу. Бул аймакта ЕАЭБдин Вьетнам, Сербия жана Иран менен келишими бар. Аталган өлкөлөрдүн жалпы рыногу 190 миллион адамды түзөт. Жыл аягына чейин биздин тышкы рынокту 481 миллионго чейин кеңейтүүчү келишимдер түзүлүшү мүмкүн. Индия менен сүйлөшүүлөр алгачкы баскычта", — деди Оверчук. Ал КМШ алкагында товарлар үчүн эркин соода аймагы иштеп жатканын, ал эми 2023-жылы кызмат жана инвестициялар боюнча келишим түзүлгөнүн эске салды. "Ошентип Евразияда 2,2 миллиард адамды камтыган рынокко эркин жетүүгө аракеттер көрүлүп жатат", — деди Оверчук.
Жаңылыктар түрмөгү
0