https://sputnik.kg/20250417/1093376300.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары борборунун директору Чынара... 17.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-17T08:59+0600
2025-04-17T08:59+0600
2025-04-17T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/11/1093376168_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbe35304d5120555c3d0d76ca9210cbb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары борборунун директору Чынара Батракеева радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге чукул адам катталган. “Бул быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн былтыркыга караганда көбүрөөк болгондугуна байланыштуу. Алдыда дагы кошумча каттоо өткөрүлөт. Тестирлөө болжол менен 15-майдан 22-майга чейин болот. Учурда биз кабарлоо баракчыларын даярдап жатабыз”,-деди Батракеева.Ал ошондой эле ар бир катталган адам кабарлоо баракчасы менен тестирлөөгө катышууга болот деген мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 12-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Майрамдык эс алуу күндөрүнөн улам борборлор 12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот. Министрлик "Түндүк" порталы аркылуу онлайн-кезекке туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Белгилей кетсек, жаңы Эмгек кодексине ылайык, 1-8-май — эс алуу күндөрү деп белгиленген. Ал эми 9-май календарда кызыл болсо, 10-11-май — дем алыш күндөр.
Ош шаарында 20-апрелден тартып борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Маалымдалгандай, Оштогу жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери соңуна чыгып, анын алкагында, базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле, 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 4-13-апрелинде Берлин шаарындагы Шаубюне театрында жыл сайын өтүүчү «Find» Эл аралык жаңы драма фестивалы өтүп, ага башка өлкөлөр менен катар «705» театралдык тобунун өкүлдөрү режиссер Чагалдак Замирбековдун «Уя» спектакли менен катышты. Фестивалда Франция, Бельгия, Ирландия, Испания жана АКШдан келген театр топторунун спектаклдери көрсөтүлдү. Бул заманбап театр фестивалына Кыргызстан биринчи жолу катышты. Фестиваль Берлинде 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Дүйнөгө белгилүү жана мурда белгисиз театр артисттерине өз иштерин Шаубюнеде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Уя” спектаклине барып, фестивалдын уюштуруучулары менен “Find” фестивалына Кыргызстандан барган өкүлдөрдүн катышуусун, ошондой эле театр тармагындагы кызматташууну талкуулады. Фестивалга катышуу максатында баргандар өлкөнүн Берлиндеги Элчилигинде болушту.
Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары борборунун директору Чынара Батракеева радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге чукул адам катталган. “Бул быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн былтыркыга караганда көбүрөөк болгондугуна байланыштуу. Алдыда дагы кошумча каттоо өткөрүлөт. Тестирлөө болжол менен 15-майдан 22-майга чейин болот. Учурда биз кабарлоо баракчыларын даярдап жатабыз”,-деди Батракеева.Ал ошондой эле ар бир катталган адам кабарлоо баракчасы менен тестирлөөгө катышууга болот деген мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады. Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 12-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Майрамдык эс алуу күндөрүнөн улам борборлор 12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот. Министрлик "Түндүк" порталы аркылуу онлайн-кезекке туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Белгилей кетсек, жаңы Эмгек кодексине ылайык, 1-8-май — эс алуу күндөрү деп белгиленген. Ал эми 9-май календарда кызыл болсо, 10-11-май — дем алыш күндөр.Ош шаарында 20-апрелден тартып борбордук базар жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Маалымдалгандай, Оштогу жаңы муниципалдык базардын ачылышына карата даярдык иштери соңуна чыгып, анын алкагында, базарга кирүүчү жолдор, унаа токтотуучу жайлар асфальтталып, трансформаторлор орнотулду. Ошондой эле, 80 орундуу, душ кабиналары менен жабдылган дааратканалардын бири бүткөрүлүүдө. Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайларды уюштуруу, өрт коопсуздугун сактоо максатында гидранттарды орнотуу, базардын ички аймагын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.Үстүбүздөгү жылдын 4-13-апрелинде Берлин шаарындагы Шаубюне театрында жыл сайын өтүүчү «Find» Эл аралык жаңы драма фестивалы өтүп, ага башка өлкөлөр менен катар «705» театралдык тобунун өкүлдөрү режиссер Чагалдак Замирбековдун «Уя» спектакли менен катышты. Фестивалда Франция, Бельгия, Ирландия, Испания жана АКШдан келген театр топторунун спектаклдери көрсөтүлдү. Бул заманбап театр фестивалына Кыргызстан биринчи жолу катышты. Фестиваль Берлинде 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Дүйнөгө белгилүү жана мурда белгисиз театр артисттерине өз иштерин Шаубюнеде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Уя” спектаклине барып, фестивалдын уюштуруучулары менен “Find” фестивалына Кыргызстандан барган өкүлдөрдүн катышуусун, ошондой эле театр тармагындагы кызматташууну талкуулады. Фестивалга катышуу максатында баргандар өлкөнүн Берлиндеги Элчилигинде болушту.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/11/1093376168_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd0f8a352f60046c1f5da4c537f7d6f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио