https://sputnik.kg/20250418/1093419654.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 18-апрелде Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-18T17:00+0600
2025-04-18T17:00+0600
2025-04-18T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093419522_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_11c291a68a68c2dae212edb02150675a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 18-апрелде Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду. Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышууга барган.
Бишкекте автобустун 500дөн ашык айдоочусу керек. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпы муниципалдык ишканаларда 1 133 жумуш орду бош. Алсак: "Бишкек шаардык транспорт" ишканасы — 500дөн ашык айдоочу. Айлыгы 50-55 миң сом, "Бишкек жашыл курлуш" — 300дөн ашык кызматкер. Маянасы 25-40 миң сом, "Тазалык" — 241 киши, коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар. Айлык акы 15-35 миң сом, "Бишкек асфальт сервис" — 92 кызматкер инженер, машинист, айдоочу жана жол жумушчулары керек. Мындан тышкары, "Бишкек жарык" ишканасы электр монтерлорун жана экскаватор айдоочуларын издеп жатат. Сунуштаган айылыгы 33 миң сомдон жогору экени кошумчаланды.
Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды. Ал Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Салымбеков мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи. "Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек", — деди бизнесмен. Эске салсак, өлкөдө түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам бар. Ага ылайык, иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө салуунун алкагында аймак маселелерин да талкуулаган. Бул тууралуу ал Wall Street Journal басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Өкүлдүн айтымында, сөз ушул маселенин айланасында жүргөн. Уиткофф "Россия бардык эмес, айрым аймактарды алып кала алат" деген пикирде. Муну менен бирге ал калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөгөн аймактардын Киев үчүн мааниси анчалык чоң болбошу мүмкүн экенин да четке каккан эмес. Путин Уиткоффду 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 18-апрелде Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду. Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышууга барган. Бишкекте автобустун 500дөн ашык айдоочусу керек. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпы муниципалдык ишканаларда 1 133 жумуш орду бош. Алсак: "Бишкек шаардык транспорт" ишканасы — 500дөн ашык айдоочу. Айлыгы 50-55 миң сом, "Бишкек жашыл курлуш" — 300дөн ашык кызматкер. Маянасы 25-40 миң сом, "Тазалык" — 241 киши, коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар. Айлык акы 15-35 миң сом, "Бишкек асфальт сервис" — 92 кызматкер инженер, машинист, айдоочу жана жол жумушчулары керек. Мындан тышкары, "Бишкек жарык" ишканасы электр монтерлорун жана экскаватор айдоочуларын издеп жатат. Сунуштаган айылыгы 33 миң сомдон жогору экени кошумчаланды.Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды. Ал Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Салымбеков мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи. "Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек", — деди бизнесмен. Эске салсак, өлкөдө түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам бар. Ага ылайык, иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө салуунун алкагында аймак маселелерин да талкуулаган. Бул тууралуу ал Wall Street Journal басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Өкүлдүн айтымында, сөз ушул маселенин айланасында жүргөн. Уиткофф "Россия бардык эмес, айрым аймактарды алып кала алат" деген пикирде. Муну менен бирге ал калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөгөн аймактардын Киев үчүн мааниси анчалык чоң болбошу мүмкүн экенин да четке каккан эмес. Путин Уиткоффду 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093419522_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_00f16d2819541b3bccd9779719ab0944.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио