https://sputnik.kg/20250418/1093399333.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда отчеттуулукту азайтууну тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-18T08:59+0600
2025-04-18T08:59+0600
2025-04-18T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093399201_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0edc94c38ef21115aecb0494ec6a30ed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда отчеттуулукту азайтууну тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү мекемелердеги ашыкча отчеттуулук жүгүн азайтуу чараларын баштады. Бул чечим саламаттык сактоо тармагындагы бюрократияны кыскартууга, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Алдыдагы айларда отчеттук документацияны кайра карап чыгуу жүргүзүлөт. Анын алкагында кайталанган жана эскирген формаларды алып салуу, клиникалык же башкаруу чечимдерине таасир этпеген отчетторду жокко чыгаруу, маалыматтарды чогултуу процессин санариптик инструменттер аркылуу оптималдаштыруу пландалууда.
Талас районунда жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас районунун Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Анын ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Инвестиция тартуу менен бул өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 миллион сом жумшалган. Жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке кирсе өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт. Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Баткен облусунун Лейлек районунда залкар акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган 35-эл аралык поэзия фестивалы өттү. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, коңшу өлкөлөрдүн жаштары жана коноктору чогулуп, маданий байланыштарды жана руханий биримдикти бекемдешти. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. "Биздин эл поэзияны чын жүрөктөн сүйөт, анда биздин бүт жан дүйнөбүз жана тарыхыбыз, кыялдарыбыз жана тажрыйбаларыбыз бар. Бул жерде Лейлек, Баткен жергесинде жүрөктөрдү бириктирген саптар жаңырууда. Мындан ары да бул жерде тынчтыктын жана ынтымактын символу катары поэзия гана өкүм сүрсүн", — деди Байсалов. Иш-чара УТРКнын "Маданият" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлдү.
Кыргызстан, Армения жана Казакстан жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Россия менен Беларустун ортосундагы тиешелүү келишим 11-январдан тартып күчүнө кирген. Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары аталган эки өлкөнүн ортосунда темир жол, аба жана автомобиль жолдору аркылуу эркин каттай алат. Мурда Армения, Казакстан жана Кыргызстан жарандары Россия менен Беларустун ортосунда авиакаттам менен гана жүрө алышчу. Бул кымбат жана ыңгайсыз болгондуктан 15-апрелде комиссиянын коллегиясы тоскоолдукту жоюу маселесин караган. "ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш тынымсыз жүргүзүлүп, мындан ары да улантылат. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы адамдардын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүн камсыздап, ошондой эле биримдиктеги ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди ЕЭКтин министри Варос Симонян.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ооруканаларда отчеттуулукту азайтууну тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү мекемелердеги ашыкча отчеттуулук жүгүн азайтуу чараларын баштады. Бул чечим саламаттык сактоо тармагындагы бюрократияны кыскартууга, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Алдыдагы айларда отчеттук документацияны кайра карап чыгуу жүргүзүлөт. Анын алкагында кайталанган жана эскирген формаларды алып салуу, клиникалык же башкаруу чечимдерине таасир этпеген отчетторду жокко чыгаруу, маалыматтарды чогултуу процессин санариптик инструменттер аркылуу оптималдаштыруу пландалууда. Талас районунда жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас районунун Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчү цех ишке кирди. Анын ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Инвестиция тартуу менен бул өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 миллион сом жумшалган. Жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке кирсе өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт. Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Баткен облусунун Лейлек районунда залкар акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган 35-эл аралык поэзия фестивалы өттү. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, коңшу өлкөлөрдүн жаштары жана коноктору чогулуп, маданий байланыштарды жана руханий биримдикти бекемдешти. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. "Биздин эл поэзияны чын жүрөктөн сүйөт, анда биздин бүт жан дүйнөбүз жана тарыхыбыз, кыялдарыбыз жана тажрыйбаларыбыз бар. Бул жерде Лейлек, Баткен жергесинде жүрөктөрдү бириктирген саптар жаңырууда. Мындан ары да бул жерде тынчтыктын жана ынтымактын символу катары поэзия гана өкүм сүрсүн", — деди Байсалов. Иш-чара УТРКнын "Маданият" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлдү. Кыргызстан, Армения жана Казакстан жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Россия менен Беларустун ортосундагы тиешелүү келишим 11-январдан тартып күчүнө кирген. Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары аталган эки өлкөнүн ортосунда темир жол, аба жана автомобиль жолдору аркылуу эркин каттай алат. Мурда Армения, Казакстан жана Кыргызстан жарандары Россия менен Беларустун ортосунда авиакаттам менен гана жүрө алышчу. Бул кымбат жана ыңгайсыз болгондуктан 15-апрелде комиссиянын коллегиясы тоскоолдукту жоюу маселесин караган. "ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш тынымсыз жүргүзүлүп, мындан ары да улантылат. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы адамдардын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүн камсыздап, ошондой эле биримдиктеги ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", — деди ЕЭКтин министри Варос Симонян.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093399201_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd75b1251bb806f3060fb55695a390bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио