https://sputnik.kg/20250418/1093414265.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-18T15:00+0600
2025-04-18T15:00+0600
2025-04-18T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093414133_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_818074e5763ad0d0e0b4624b4600a769.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Учурда айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда президенттин тапшырмасына ылайык, айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин канчалык деңгээлде билүү деңгээлин сурамжылоо, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. 1-сентябрга чейин айдоочуларга окутуу, түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. “Ал эми 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан токтотулган жерден жол эрежелерин суроо жүргүзүлөт. Мында жол эрежесин билбеген айдоочулар “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрадан сынак тапшыруу үчүн жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө сурамжылоо иштери гана жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Нарындагы Калмак ашуусундагы көчкү түшкөн жол апрелдин аягында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө. Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.
Кыргызстандыктар "Жеңиш терезелери" эл аралык акциясына катышууга чакырылганын Бишкектеги "Руский дом" билдирди. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Кантип катышса болот? Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт тартыңыз. Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Сүрөттү үйүңүздүн терезесине тартыңыз. Акварель, гуашь же башка коопсуз боёкторду колдонуу сунушталат. Терезеңизди сүрөткө тартып #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештегдери менен соцтармакка чыгарыңыз. Акцияга кыргызстандыктар жаш курагына жана кесибине карабастан катыша алат. Сүрөттөрдү каалаган терезеге тартууга болот.
Украинадагы согушту токтотуу азырынча реалдуу болбой турганын Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттерге айтканын РИА Новости жазды. "Бизде энергетикалык инфраструктурага сокку урууну чектөө аракеттери болду, бирок аны Украина тарап аткарган жок. Мындай кырдаалда согушту токтотуу туурасында айтуу реалдуу эмес", — деген ал. Россия менен Украинанын ортосунда түзүлүшү ыктымалдыгы бар келишимдерди БУУнун Коопсуздук кеңеши менен бекемдөө зарылдыгын айтып жатып дипломат бардыгы кармашты токтотуу шарттарына жана документте анын кандай белгиленгенине жараша болоруна токтолду. Эскерте кетсек, 24-мартта Эр-Риядда Россия менен АКШнын техникалык командалары жолугуп, 12 саатка чукул сүйлөшкөн. Анда тараптар Россия жана Украинадагы энергетикалык объектилерди аткылоону токтотууга макулдашканы кабарланган. Кийинчерээк Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев бул мораторийге кошулбагандыгын айткан.
Учурда айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда президенттин тапшырмасына ылайык, айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин канчалык деңгээлде билүү деңгээлин сурамжылоо, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. 1-сентябрга чейин айдоочуларга окутуу, түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. “Ал эми 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан токтотулган жерден жол эрежелерин суроо жүргүзүлөт. Мында жол эрежесин билбеген айдоочулар “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрадан сынак тапшыруу үчүн жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө сурамжылоо иштери гана жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта. Нарындагы Калмак ашуусундагы көчкү түшкөн жол апрелдин аягында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө. Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот. Кыргызстандыктар "Жеңиш терезелери" эл аралык акциясына катышууга чакырылганын Бишкектеги "Руский дом" билдирди. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Кантип катышса болот? Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт тартыңыз. Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Сүрөттү үйүңүздүн терезесине тартыңыз. Акварель, гуашь же башка коопсуз боёкторду колдонуу сунушталат. Терезеңизди сүрөткө тартып #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештегдери менен соцтармакка чыгарыңыз. Акцияга кыргызстандыктар жаш курагына жана кесибине карабастан катыша алат. Сүрөттөрдү каалаган терезеге тартууга болот. Украинадагы согушту токтотуу азырынча реалдуу болбой турганын Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттерге айтканын РИА Новости жазды. "Бизде энергетикалык инфраструктурага сокку урууну чектөө аракеттери болду, бирок аны Украина тарап аткарган жок. Мындай кырдаалда согушту токтотуу туурасында айтуу реалдуу эмес", — деген ал. Россия менен Украинанын ортосунда түзүлүшү ыктымалдыгы бар келишимдерди БУУнун Коопсуздук кеңеши менен бекемдөө зарылдыгын айтып жатып дипломат бардыгы кармашты токтотуу шарттарына жана документте анын кандай белгиленгенине жараша болоруна токтолду. Эскерте кетсек, 24-мартта Эр-Риядда Россия менен АКШнын техникалык командалары жолугуп, 12 саатка чукул сүйлөшкөн. Анда тараптар Россия жана Украинадагы энергетикалык объектилерди аткылоону токтотууга макулдашканы кабарланган. Кийинчерээк Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев бул мораторийге кошулбагандыгын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093414133_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8848eedcd53530f2d774ca7610cf865e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио