https://sputnik.kg/20250421/1093457446.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн"Чарчадык". Трамптын өкүлү Украина тууралуу кескин билдирүү жасадыӨкмөт мамлекеттик тилди... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T13:00+0600
2025-04-21T13:00+0600
2025-04-21T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093457314_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_21ad198d01259b7ee90c9953c4cbae75.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн"Чарчадык". Трамптын өкүлү Украина тууралуу кескин билдирүү жасадыӨкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгардыАлдыда кененирээкӨкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тагыраагы, бул мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү. Токтомдо тилди талаптагыдай өздөштүрүп билүүнүн эки мөөнөтүн, тагыраагы, 2025 жана 2027-жылдарды белгилешкен. Документке ылайык, мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү; 2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт; Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, мындай аймактарга "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси да кирет. Учурда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам боюнча, тарыхый-маданий маанидеги жайларга сөөктү жерге берүүгө тыюу салынган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мына ушул мыйзамга өзгөртүү демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген инсандар, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар каза болгондо тарыхый-маданий мааниге ээ аймактарга жерге берүүгө уруксат берүү сунушталган. "Бул кадам чыгаан инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу менен гана чектелбестен, кийинки муунду патриоттукка тарбиялоого, тарыхты урматтоого жана ата-бабалардын жетишкендиктери үчүн сыймыктанууга өбөлгө түзөт", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
АКШ Украина жаңжалынан чарчады. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалынан айтканын РИА Новости жазды. Ал мамкатчы Марко Рубионун АКШ Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгып кетиши да мүмкүн деп айтылганына ушундай пикир билдирген. "Катуу айтты, бирок Америка ушу тапта болуп жаткан нерселерден чарчады. Дүйнөдө АКШнын катышуусу зарыл болгон маселелер абдан көп. Согуш созулуп кетти, бирок абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар", — деген Келлог суроолорго жооп берип жатып. Эскерте кетсек, ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өлкө Украинага көптөн бери жардам берип келе жатканын, эми башка нерселерге да көңүл бурууга убакыт жеткенин билдирген. Ал АКШ Москва менен Киев согушту токтотууга чындап дилгир болсо гана көмөктөшүүгө даяр экенин, болбосо "алек болчу иши" бар экенин кошумчалаган болчу. Ага чейин президент Дональд Трамп да каршылашкан тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыга турганын айткан.
Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн"Чарчадык". Трамптын өкүлү Украина тууралуу кескин билдирүү жасадыӨкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгардыАлдыда кененирээкӨкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тагыраагы, бул мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү. Токтомдо тилди талаптагыдай өздөштүрүп билүүнүн эки мөөнөтүн, тагыраагы, 2025 жана 2027-жылдарды белгилешкен. Документке ылайык, мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү; 2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт; Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, мындай аймактарга "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси да кирет. Учурда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам боюнча, тарыхый-маданий маанидеги жайларга сөөктү жерге берүүгө тыюу салынган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мына ушул мыйзамга өзгөртүү демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген инсандар, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар каза болгондо тарыхый-маданий мааниге ээ аймактарга жерге берүүгө уруксат берүү сунушталган. "Бул кадам чыгаан инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу менен гана чектелбестен, кийинки муунду патриоттукка тарбиялоого, тарыхты урматтоого жана ата-бабалардын жетишкендиктери үчүн сыймыктанууга өбөлгө түзөт", — деп жазылган документтин негиздемесинде.АКШ Украина жаңжалынан чарчады. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалынан айтканын РИА Новости жазды. Ал мамкатчы Марко Рубионун АКШ Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгып кетиши да мүмкүн деп айтылганына ушундай пикир билдирген. "Катуу айтты, бирок Америка ушу тапта болуп жаткан нерселерден чарчады. Дүйнөдө АКШнын катышуусу зарыл болгон маселелер абдан көп. Согуш созулуп кетти, бирок абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар", — деген Келлог суроолорго жооп берип жатып. Эскерте кетсек, ишемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өлкө Украинага көптөн бери жардам берип келе жатканын, эми башка нерселерге да көңүл бурууга убакыт жеткенин билдирген. Ал АКШ Москва менен Киев согушту токтотууга чындап дилгир болсо гана көмөктөшүүгө даяр экенин, болбосо "алек болчу иши" бар экенин кошумчалаган болчу. Ага чейин президент Дональд Трамп да каршылашкан тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыга турганын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093457314_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f043ced49e991a80df7d874690a8d580.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио