https://sputnik.kg/20250421/1093461954.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасы тандалдыКиев бийлиги Пасхага карата да согушту токтоткон жокСадыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге бардыАлдыда... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T15:00+0600
2025-04-21T15:00+0600
2025-04-21T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093461822_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8e61d5356f3a61a10b86fb4d2fbfdc79.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасы тандалдыКиев бийлиги Пасхага карата да согушту токтоткон жокСадыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге бардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн падышачылыгына расмий сапар менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет жетекчисин Манама шаарындагы "Бахрейн" эл аралык аэропортунан өлкөнүн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.Аба майданда Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Расмий сапардын алкагында Жапаровдун король Хамад бин Иса Аль Халифа, өлкөнүн Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөр менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулай турганы айтылды.
Президент Садыр Жапаров 18-апрелде "Ишкердик субъектилерди колдоо, ставкаларды оптималдаштыруу жана салыктык башкарууну жакшыртуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Документке ылайык, өлкөдө соодагерлер үчүн патенттик салык системасы кайтарылат. Бул кадам ишкерлерди колдоого, ставкаларды оптималдаштырууга жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган. Салык кызматынан билдиришкендей, патенттик система ишкерлерге жылдык кирешесине жараша салык төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Салык кызматы ишкерлерге аталган системаны түшүнүүгө жардам берүүчү сүрөт түрмөк даярдаган.
Биринчи май райондук сот Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелген Күрөңов Бириккен Араб Эмирликтеринен колго түшүп, Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызматтын маалыматында чет өлкөдө жүргөн Күрөңов социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга чакырык жасап келгени айтылат.
Рим папасы Франциск каза болгонун РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып кабарлады. Понтифик 89 жашта эле. Февралдын ортосунда Римдеги "Жемелли" ооруканасына жаткырылган. Маалыматта алгач бронхит илдетин дарылоо керектиги айтылган, кийин өпкөсү кагынгандыгы (оорунун жаңы башталганы) маалым болгон. Франциск ооруканада беш аптага чукул жаткан. 23-мартта дарыланып чыгып, андан кийин эл алдында бир нече ирет сүйлөгөн. Башка конокторду, тагыраагы, британ падышасы Карл IIIнү, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти да кабыл алган. Анын понтифик кызматында 13 жыл болгондугун айтышты.
Киев бийлиги Пасхага карата да согушпай туруу тартибин кармабай, андан сырткары, чабуул коюп жатканда HIMARS ракеталарын колдонду. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Киев Пасха учурунда да ал тартипти сактаган жок. Мындан сырткары, америкалык HIMАRS ракеталарын колдонушту. Бул кокустан болгон жок, ал — мыйзам ченемдүүлүк. Мораторий учурунда Зеленский макул болгон чабуулдар жарандык энергетикалык инфраструктураларга жасалды", — деп айткан дипломат. Президент Владимир Путин Пасха майрамынын алдында бул күндүн урматына Россия согуштук аракеттерди токтото турарын жарыялаган. Анда Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтототору айтылган. РФ лидери анткен менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрү каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон бардык чабуулунун мизин кайтарууга даяр турушу керектигин белгилеген.
Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасы тандалдыКиев бийлиги Пасхага карата да согушту токтоткон жокСадыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге бардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн падышачылыгына расмий сапар менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет жетекчисин Манама шаарындагы "Бахрейн" эл аралык аэропортунан өлкөнүн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.Аба майданда Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Расмий сапардын алкагында Жапаровдун король Хамад бин Иса Аль Халифа, өлкөнүн Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөр менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулай турганы айтылды.Президент Садыр Жапаров 18-апрелде "Ишкердик субъектилерди колдоо, ставкаларды оптималдаштыруу жана салыктык башкарууну жакшыртуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Документке ылайык, өлкөдө соодагерлер үчүн патенттик салык системасы кайтарылат. Бул кадам ишкерлерди колдоого, ставкаларды оптималдаштырууга жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган. Салык кызматынан билдиришкендей, патенттик система ишкерлерге жылдык кирешесине жараша салык төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Салык кызматы ишкерлерге аталган системаны түшүнүүгө жардам берүүчү сүрөт түрмөк даярдаган.Биринчи май райондук сот Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелген Күрөңов Бириккен Араб Эмирликтеринен колго түшүп, Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызматтын маалыматында чет өлкөдө жүргөн Күрөңов социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга чакырык жасап келгени айтылат.Рим папасы Франциск каза болгонун РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып кабарлады. Понтифик 89 жашта эле. Февралдын ортосунда Римдеги "Жемелли" ооруканасына жаткырылган. Маалыматта алгач бронхит илдетин дарылоо керектиги айтылган, кийин өпкөсү кагынгандыгы (оорунун жаңы башталганы) маалым болгон. Франциск ооруканада беш аптага чукул жаткан. 23-мартта дарыланып чыгып, андан кийин эл алдында бир нече ирет сүйлөгөн. Башка конокторду, тагыраагы, британ падышасы Карл IIIнү, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти да кабыл алган. Анын понтифик кызматында 13 жыл болгондугун айтышты.Киев бийлиги Пасхага карата да согушпай туруу тартибин кармабай, андан сырткары, чабуул коюп жатканда HIMARS ракеталарын колдонду. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Киев Пасха учурунда да ал тартипти сактаган жок. Мындан сырткары, америкалык HIMАRS ракеталарын колдонушту. Бул кокустан болгон жок, ал — мыйзам ченемдүүлүк. Мораторий учурунда Зеленский макул болгон чабуулдар жарандык энергетикалык инфраструктураларга жасалды", — деп айткан дипломат. Президент Владимир Путин Пасха майрамынын алдында бул күндүн урматына Россия согуштук аракеттерди токтото турарын жарыялаган. Анда Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтототору айтылган. РФ лидери анткен менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрү каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон бардык чабуулунун мизин кайтарууга даяр турушу керектигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093461822_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_28bb866a9d9bf369ff8d2e7369ffdbcf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио