00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Гепатиттин В, С, D түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты — бул сан көбөйүшү мүмкүн
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Тарифы под прицелом: как пошлины США повлияют на экономику ЕАЭС и Кыргызстана
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Светлый праздник: как Пасха объединяет православных Кыргызстана
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз тикмечилери жеткирүүчүлөрдү жана сатуучуларды бир аянтчага чогултууда. Жеңил өнөр жай тармагындагы көргөзмө
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
Гепатиттин В, С, D түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты — бул сан көбөйүшү мүмкүн
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кожа под угрозой: какие болезни активизируются летом и как с ними бороться
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Алыкулдун тагдырындагы табышмактарды ачкан Мундузбек Тентимишевдин маеги
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От энергетики до замороженных ягод: как РКФР вкладывает миллиарды в экономику КР
18:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Гепатиттин В, С, D түрү менен ооругандардын саны 27 миңден ашты — бул сан көбөйүшү мүмкүн
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Саякбай" тасмасы жөнүндө 7 факты. Эттенген актер, акценттен арылган Элдар

© Фото / Фонд Саякбай манасчи / Кантаим АйтматоваПремьер фильма "Саякбай"
Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.

Саякбай фильмин тартуу боюнча кеп 2015-жылы көтөрүлүп, мыкты сценарийге конкурс жарыяланган. Сынакка бир нече эмгектер келип түшкөн. Бирок фильмди тарта турган режиссер Эрнест Абдыжапаров сценарийди өзү жазып, ал жактырылып, быссмылда деп ишти баштаган.

Саякбай тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" фильми тууралуу. Манасчы элине кайтып келгендей эле болду
Тасманын режиссер-сценаристи – Эрнест Абдыжапаров, композитору — Муратбек Бегалиев, башкы продюсери — Самат Ибраев. Ошентип баш-аягы эки жылдан кийин аталган тасма көрүүчүлөргө тартууланды. Аны жараткан чыгармачыл топто баш-аягы 100дөй адам иштеди. Алар — актерлор, режиссер, операторлор, редакторлор, массовканын катышуучулары, каскадерлор жана дагы бир топ багыттагы чыгармачыл адамдар. Ал эми тасмага канча каражат жумшалгандыгын кинофильмдин продюсери, "Саякбай" эл аралык фондусунун президенти Самат Ибраев азырынча сыр катары сактап турагандыгын айтты.

Биз тасма тууралуу кызыктуу фактыларды топтоп, окурмандарга сунуш кылууну эп көрдүк.

Кичинекей Үмөт актерлук кылып. Саякбай манасчынын ролун үч адам аткарган. Бала кезин кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу, улан курагын каскадер-актер Бактыбек Нурматов, ал эми соңку өмүрүн Марат Жантелиев ойногон. Ал эми байбичеси Бейшекан апанын жаш кезин Рахат Божокоева, кийинки курагын Тынара Абдразаева аткарган. "Саякбай" тасмасына тартыла тургандарды театрлардан сырткары, айыл аралап, элдин, карапайым адамдардын арасынан издешкен. 

Эттендире албай убара болгондо. Алп Саякбайдын ролуна эчен түрдүү актерлор каралып, режиссердун актер Марат Жантелиевге көңүлү ооп туруп алат. Ал бардык тарабынан туура келип, бирок бир гана маселе чыгат. Жантелиев арык экен! Киночулар май айында актерду эттенип келиңиз деп тартуу иштери башталганга чейин узатса, гастролдоп кеткен актер июлда андан да арыктап келет. Айласы кеткен киночулар тез арада аны семиртүүгө киришет. Ошентип, Жантелиевди пансионатка аттандырып, далбастап жатып эки жумада 15 килограмм салмак коштурушат!

Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
Аңтар-теңтер түшүргөн тасма. Саякбайдын аянын көрдүм...
Элдарды кантип кыргызча сүйлөтүшкөн. Чыңгыз Айтматовдун ролуна кимди тартууну көп ойлонуп, түйшүк тартышат. Акыры атасын кинотасмада ойноону жазуучунун уулу Элдарга сунуш кылышат. Бирок баарын түйшөлткөнү — Элдардын кыпкыргыз тилдүү тасмада атасындай сүйлөшү эле. Бул багытта редактор, маркум Темир Дүйшөкеевдин эмгеги зор экендигин белгилей кетпесе болбойт. Элдар экөө ар күн ишке келген сымал студиянын эшигин таң атпай аттап, сценарийди колго алып, кофени алдына коюп алып көпкө даярданышат. Сүйлөшүп да, ары-бери басып да, айтор, тынымсыз эмгек кылышат. Мында ар бир тамганын айтылышы, ар бир тыбыштын угулушу маанилүү болгон.

Саякбайдын бүркүтү. Тасмадагы көрүүчүнү кайдыгер калтырбаган учурлар — манасчынын бүркүтү, ошондой эле анын куш менен сүйлөшүүлөрү. Фильмде манасчынын бүркүтүнүн аты — Карачолок. Ал чындыгында Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылындагы мүнүшкөр Арстанбек Сагынбаевдин Кара бала аттуу бүркүтү.

© Фото / Айзада ОмуралиеваСаякбай фильмин тартуу боюнча кеп 2015-жылы көтөрүлүп, мыкты сценарийге конкурс жарыяланган.
Саякбай фильмин тартуу боюнча кеп 2015-жылы көтөрүлүп, мыкты сценарийге конкурс жарыяланган. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Саякбай фильмин тартуу боюнча кеп 2015-жылы көтөрүлүп, мыкты сценарийге конкурс жарыяланган.
© Фото / Айзада ОмуралиеваСынакка бир нече эмгектер келип түшкөн. Бирок фильмди тарта турган режиссер Эрнест Абдыжапаров сценарийди өзү жазып, ал жактырылып, быссмылда деп ишти баштаган.
Сынакка бир нече эмгектер келип түшкөн. Бирок фильмди тарта турган режиссер Эрнест Абдыжапаров сценарийди өзү жазып, ал жактырылып, быссмылда деп ишти баштаган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Сынакка бир нече эмгектер келип түшкөн. Бирок фильмди тарта турган режиссер Эрнест Абдыжапаров сценарийди өзү жазып, ал жактырылып, быссмылда деп ишти баштаган.
1/2
Саякбай фильмин тартуу боюнча кеп 2015-жылы көтөрүлүп, мыкты сценарийге конкурс жарыяланган.
2/2
Сынакка бир нече эмгектер келип түшкөн. Бирок фильмди тарта турган режиссер Эрнест Абдыжапаров сценарийди өзү жазып, ал жактырылып, быссмылда деп ишти баштаган.

Тасма кайда тартылган. "Саякбай" Ысык-Көлдүн Тоң районунда, Тоң совхозунда, Ак-Өлөң айылында тартылган. Андан сырткары, көрүүчүлөр бул картина аркылуу Көлдөгү Шатылы, Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосун көрө алат. Ал эми тарыхый окуялар баяндалган Көл жээгиндеги Саякбайдын үйү атайын салынган. Эми ал улуу манасчынын музейине айланды.

Эки инсанды эскерип… Тасманын жаралышына салымын кошкон эки инсан редакторлор Талип Ибраимов менен Темир Дүйшөкеевдин көзү фильм элге толук көрсөтүлүшүнө чейин өтүп кетти. Ибраимов 25-майга караган түнү узакка созулган оорудан улам 76 жашында, ал эми Дүйшөкеев 74 жашында 7-январда ооруп көз жумган. Бул адамдардын "Саякбай" боюнча эмгеги чоң болгондуктан, бул фактыларды эстебей коюу бери дегенде аларды сыйлабастык болот.

Съемки фильма Манасчи Болота Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
Саякбай Каралаев жөнүндө эң биринчи тасма. "Манасчы" тууралуу 5 факты
"Саякбай" кытайча жана англисче сүйлөп… Учурда кино орус, англис жана кытай тилдерине которулуп бүттү. Ал эми картинадагы жалпы үндөрдү коштоо иштери Кыргызстанда эмес, Россиянын Санкт-Петербург шаарында жогорку профессионалдык студияда үч айга чукул мезгил ичинде жасалган. Тасманы жаратуучулардын айтымында, үндөрдү атайын, Dolby Digital 5.1 санариптин шартында профессионалдык деңгээлде коштоттурган. Бул фильмдин таасирдүүлүгүн арттырып, үндү ар тараптан камсыздап, жогорку деңгээлге көтөрөт. Мындай сапаттагы эмгектер ири кинофестивалдарга тоскоолдукусуз катыша берет.

Фактыларды даярдоого "Саякбай" көркөм фильминин аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова көмөк көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0