БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Катуу жааган жамгырдан улам Аравандын Кичи-Алай айылын сел каптады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондун акими Курбанбек Айтибеков билдирди.
![Катуу жааган жамгырдан улам Аравандын Кичи-Алай айылын сел каптады Катуу жааган жамгырдан улам Аравандын Кичи-Алай айылын сел каптады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103423/00/1034230021_0:45:1080:765_600x0_80_0_0_1f6cff101449ee4b25fc645797d64ba6.jpg)
![9-июль күнү болжол менен саат 16.00дөрдө түшкөн сел айылдын бир нече турак жайларын каптаган 9-июль күнү болжол менен саат 16.00дөрдө түшкөн сел айылдын бир нече турак жайларын каптаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103423/00/1034230015_0:91:1079:770_600x0_80_0_0_8267e021be2fc738b6f004ddcb018b3e.jpg)
![Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп бир нече үйлөрдүн короосун каптап, төрт турак жайдын ичин шагыл аралаш ылайга толтурган Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп бир нече үйлөрдүн короосун каптап, төрт турак жайдын ичин шагыл аралаш ылайга толтурган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103423/00/1034230004_0:96:1079:775_600x0_80_0_0_33d10edd6e86e0b33e6674eb25995586.jpg)
Анын айтымында, 9-июль күнү болжол менен саат 16.00дөрдө түшкөн сел айылдын бир нече турак жайларын каптаган.
"Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп бир нече үйлөрдүн короосун каптап, төрт турак жайдын ичин шагыл аралаш ылайга толтурган. Мындан сырткары, бир нече унааларды агызып кеткен. Электр зымдарынын түркүктөрүн да жууп кетип, азыр кайра тартуу иштери жүрүп жатат. Бактыга жараша жашоочулар жабыркаган эмес", — деди Айтибеков.
Ошондой эле ал табигый кырсыктан турак жайынан ажырагандарга төрт чатыр жеткирилгенин жана ӨКМдин куткаруучулары кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Кичи-Алай айылында жалпысынан 200гө жакын түтүн жашайт.