БИШКЕК, 29-окт — Спутник Кыргызстан. Турганбаевдин айтымында, министрликте Оштогу кылмыштуу топтор боюнча бир топ маалыматтар бар. Учурда ал маалыматтар иликтенип жатат. Бул иш бүткөн соң конкреттүү чаралар көрүлөрүн убада кылды.
"Ош тууралуу маалымат көп. Мен деле угуп коюп тынч отурган жокмун. Азыр баарын анализдеп тактап жатабыз. "Жети өлчөп, бир кесишибиз" керек. Президент менен жолукканда деле "Ош жакты карап койсоңуз, маалымат каражаттарда бир топ нерселер айтылып жатат" деп айтты. Баарын талдап, иликтеп туруп чара көрөбүз", — деди Турганбаев.
Буга чейин Оштун тургундары аймакта уюшкан кылмыштуулуктун күчөп жатканын айтып, өлкө жетекчилерин тиешелүү чара көрүүгө чакырган.