![Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101363/61/1013636119_0:0:0:0_600x0_80_0_0_9879052e66a14d7800036f32f7201756.jpg)
Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыктын (АТЭК) экономика лидерлеринин саммити 10-ноябрда Пекинде башталды. Анда ондогон мамлекет башчылары, жүздөгөн жогорку даражалуу чиновниктер жана абройлуу ишкерлер чогулду. Учурда бар көйгөйлөргө карабай, Кытай бийлигиндегилер форум ийгиликтүү өтөт деп убада кылышууда.
"Кытай — өзүнө алган милдеттемелердин баарын дайыма аткаруучу жана өзүнө ыйгарылган ишенимдерди бардык күчү менен актоого аракет кылуучу өлкө. Олимпиада оюндарында да, Expo-2010 учурунда да дал ушундай болгон. АТЭК саммитинде да ушундай болору шексиз", — деп билдирди КЭР Тышкы иштер министрлигинин башчысы Ван И.