00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:58
2 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Максимальный репост
Туризм, культура, история: 20 лет партнерства Санкт-Петербурга и Оша
16:08
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
100 лет прокуратуре Кыргызстана: ключевые этапы развития и вызовы
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Ажылык - бул макам эмес! Ажылыка барган адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?
19:07
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Личный интерес
Политические вызовы Молдовы и Грузии: беседа с ветераном спец. служб
20:08
45 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? — эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү ылаң катталган жокпу?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз ССРинин облустарынын түзүлгөн күнү

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүАрхив: Фрунзе шаарындагы Эл чарбачылыгынын жетишкендигинин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) башкы павльиону
Архив: Фрунзе шаарындагы Эл чарбачылыгынын жетишкендигинин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) башкы павльиону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз ССРинде округдардын жоюлушу менен СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы боюнча беш облус түзүлгөн. Аталган жарлык 21-ноябрда чыккан жана СССРдин Баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен 1939-жылы Кыргыз ССРинде беш облус түзүлгөн. 

Дал ошол күнү СССРдин Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын негизинде Кыргыз ССРинин курамында Фрунзе, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Жалал-Абад жана Ош областтары түзүлгөн.

Президиум борбору Фрунзе шаары болгон Фрунзе областынын түзүлүшүн бекиткен. Анын курамына Фрунзе, Токмок шаарлары, Будённый, Ворошилов, Каганович, Калинин, Кант, Кемин, Киров, Ленинполь, Сталин, Талас жана Чүй райондору кирген.

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары болуп, аталашы Пржевальск деп өзгөртүлгөн. Аймактын курамына Балыкчы, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Пржевальск, Тоң жана Түп райондору кирген.

Нарын шаары Тянь-Шань облусунун борбору деп жарыяланган. Курамын Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын жана Тогуз-Торо райондору түзгөн.

Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун борбору Жалал-Абад абад шаары болгон. Аймактын курамына Көк-Жаңгак шаарчасы жана Ала-Бука, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Караван, Кетмен-Төбө, Ленин, Октябрь, Таш-Көмүр, Үч-Терек жана Чаткал райондору киргизилген.

Ош шаары Ош областынын борбору деп бекитилген. Курамына Кызыл-Кыя шаары, Сүлүктү шаарчасы, Алай, Араван, Баткен, Гүлчө, Кара-Суу, Куршаб, Лейлек, Молотов, Ноокат, Ош, Совет, Өзгөн, Халмион жана Чоң-Алай райондору кирген.

Мындан сырткары, ушул эле жарлык менен Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Тань-Шань округдары жоюлган.

Кыргыз ССРи СССРдин курамындагы республикалардын бири болгон. 1924-жылдын октябрда Орто Азиядагы советтик республикаларды улуттук-мамлекеттик жактан ажыратып чектөө боюнча Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу (АО) болуп түзүлөт. Ал 1925-жылдын май айынан тартып РСФСРдин курамындагы автономдук облус деп кайра аталган эле. Андан ары Кыргыз Автономиялуу облусу — Кыргыз АССР, ал эми 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0