Шаар бийлиги жана тургундар 27-декабрды өзгөчө шыктануу менен күтүп жатышат. Ал күнү юбилейлүү, бешинчи "Аяз ата жүрүшү" өтөт. Саат 12.00дө Ялтанын суу жээгине жүздөгөн Аяз аталар велосипед, мотоцикл жана ролик тээп, деңиз түбүнөн чыгып, яхта жана катерлер менен жана жөө келишет.
"Алар шаардын башкы балатысын тегерете беш катар туруп айланышат. Баары тең Аяз атанын күбөлүгүн, ошондой эле Ялта шаарынын администрация башчысынан атайын беш кубок алышат", — деп билдирди Переверзева.
Бул күнү концерттер, конкурстар жана флешмобдор, чоң жарманке өтөт, ал эми кечинде бардык Аяз аталар Ялтанын башкы балатысынын отун жандырууга катышат.
Рождествого карата шаар кайрадан кубулуп, курорттук калаадан чыныгы кышкы шаарга айланат: Ялтада 7-10-январда биринчи жолу Рождество оюн-зооктору өтөт. Иса пайгамбардын туулгандыгына арналган бул майрам орус стилинде уюшулуп, калядка (жаңы жылдык ырым-жырым ырлары), святка (жасанып кийинүү, үйлөрдү кыдыруу ж.б.), төлгө ачуу, көчө оюндары, конкурстар түрүндө өтөт
"Бул күндөрү Ялтада көчө музыканттары жана салттуу рождестволук каармандарды көрсөткөн театрлар ойноп, спорт таймаштары, ар кыл кыймылдуу оюндар жана көңүлдүү аттракциондор өтөт. Чакан рождестволук жарманке уюштурулуп, ал музыка, ыр-бийлер менен коштолот. Ал жерде өзгөчө белектерди, кызыктуу буюмдарды, оюнчук, идиш-аяк, бал, түрдүү таттууларды жана башка көп нерселерди сатып алса болот. Андан сырткары, Рождество күндөрү майрамдын меймандары дүйнөлүк тамак-аштардын түрүн, Крымдын тамак-аштарын, ошондой эле рождестволук салттуу орус тамактары менен ичимдиктерин татып көрүшөт. Кол өнөрчүлөрдүн чеберчилик сабактары да уюштурулат", — деп айтып берди майрам жөнүндө Ялтанын администрация башчысынын орун басары.