00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Түрмөгө телефон киргизгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилгени Юстиция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Мекемеге тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы кыска мөөнөттүү жолугушууга келгендер аркылуу киргизилет. Маселен, 2022-2024-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго киргизүүгө аракет жасалган 7 миң 268 телефон, 1,4 миллион сом жана 564 миң литр спирт ичимдиктери алынган. Мындан улам мекеме бул багытта жазаны күчөтүүнү сунуштоодо. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, камактагыларга тыюу салынган буюм, азык-түлүк өткөрүү жана ошого аракет кылуу үчүн 19 миң сом айып салуу сунушталууда. Ал эми телефон киргизүүнү өзүнчө карап, ал үчүн 20 миң сом айып сунушталып жатат. Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизүү сунушталган. Ага ылайык, мурда телефон жана анын тетиктерин киргизүү үчүн айыпка жыгылгандар жосунун кайра кайталай турган болсо жоопко тартылат. Тактап айтканда, 50-100 миң сом айып тартат же эки жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Женго каймана атын алып жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновдун буйругу менен жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2015-жылы А.З.А. аттуу жарандын Ош шаарынын тергөө абагында өлгөнү боюнча иш козголгон. "Тергөөдө кримтөбөл Кадыр Досонов маркумду өлтүрүүгө буйрук бергени аныкталды. Экөө душмандашып жүргөн. Маркум Досонов кылмыштуу топтун ортодогу акчасынан кымырып жүргөнүн билип калган. Досонов бул маалымат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жетип калуусун жашыруу үчүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген", — деп жазылган кабарда.
Бишкекте 10 күндүн ичинде троллейбустан жасалган электробус линияга чыгат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директору Улан Бейшенбаев билдирди. Ал борбор калаадагы 100 троллейбус Ошко, алтоо Нарын шаарына берилип, Бишкекте 42си калганын айтты. "Бишкекте калган троллейбустарды электробуска айлантабыз. Заводдор менен сүйлөшүп, батареяларын, сертификаттарын изилдеп чыктык. Азыр пилоттук түрдө бирди жасап жатабыз. Адистерди чакырганбыз, болот дешти. 10 күндүн ичинде бир электробусту чыгарганга аракет кылабыз", — деди Бейшенбаев. Буга чейин 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу экени айтылган.
Финляндиянын президенти Александр Стубб өлкөсүндөгүлөрдү Россия менен алака-катнашты калыбына келтирүүгө моралдык жактан даярдык көрүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Финляндия кайсы бир маалда карым-катышыбыз саясий деңгээлде ачыла турганына даяр болгону шарт. Азыр анын качан болорун айта албайбыз. Россия ар дайым Финляндиянын коңшусу болгондугун жана мындан ары да боло берерин эч ким жокко чыгара албайт. Кошуналыгыбыз 1 350 чакырымга созулуп жатат", — деген Стубб маалымат жыйында. Анын айтымында, бул нерсе Украинадагы согуштун токтошуна байланыштуу болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0