https://sputnik.kg/20250401/1093044174.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо... 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-01T15:00+0600
2025-04-01T15:00+0600
2025-04-01T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/01/1093044042_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_67bf0b39ee48422a23af7de590d32b39.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат: Биринчи этап - укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, укуктуу документи жок унааларды мыйзамдаштыруу. Үчүнчү этап - менчик ээлерине укук белгилөөчү документтери жок транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Учурда легалдаштыруу жол-жобосу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө биринчи этапка кирген унаалар үчүн бар. Мыйзамдаштыруунун экинчи этабы болжолдуу түрдө май айында башталат.
“Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек шаарынын тургунуна берилди. “Ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу 500 миң сом өлчөмүндөгү депозитин колдонду. Ал 1440 АКШ доллары акча каражатын Малайзиядагы университетке контрагын төлөөгө алды. Ушундай каражатты ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат”, - деди министр.
Бишкек шаарынын мэриясы Панфилов паркындагы аттракциондон кулап башы жарылган кыз боюнча комментарий берди. Маалыматка караганда, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен. Муниципалитет учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу аттракциондордун баарын коопсуз абалга келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленди.Ал эми парктын администрациясы аттракциондордун баары коопсуз экенин, инструкторлор кардарларды текшерип чыгарын билдирди. Ошондой эле администрация аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты. Коопсуздук курларынын үзүлүп кетишинин себептеринин бири да ушул болушу мүмкүн экенин болжолдошту. Парк жабырлануучунун бардык чыгымын көтөрөт.
Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейил бакта жаңы Жер кодексинин кабыл алынышына каршы митинг өттү.Чогулгандар жеке менчикти күч менен басып алууга нааразычылыгын билдиришти. Тынчтык акциясынын катышуучулары кол топтоп, жаңы Жер кодексине кол койбоо өтүнүчү менен президентке кайрылышты.Мындай акциялар буга чейин дагы өткөн. Анда дагы мүлк ээлери жаңы Жер кодексине ылайык, бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын билдиришкен.Ал эми Садыр Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айтып, мыйзам долбоору “жеке менчик жерлерди алабыз” деген ченем менен келе турган болсо, артка кайтарарын белгилеген.
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат: Биринчи этап - укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, укуктуу документи жок унааларды мыйзамдаштыруу. Үчүнчү этап - менчик ээлерине укук белгилөөчү документтери жок транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Учурда легалдаштыруу жол-жобосу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө биринчи этапка кирген унаалар үчүн бар. Мыйзамдаштыруунун экинчи этабы болжолдуу түрдө май айында башталат.“Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек шаарынын тургунуна берилди. “Ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу 500 миң сом өлчөмүндөгү депозитин колдонду. Ал 1440 АКШ доллары акча каражатын Малайзиядагы университетке контрагын төлөөгө алды. Ушундай каражатты ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат”, - деди министр.Бишкек шаарынын мэриясы Панфилов паркындагы аттракциондон кулап башы жарылган кыз боюнча комментарий берди. Маалыматка караганда, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен. Муниципалитет учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу аттракциондордун баарын коопсуз абалга келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленди.Ал эми парктын администрациясы аттракциондордун баары коопсуз экенин, инструкторлор кардарларды текшерип чыгарын билдирди. Ошондой эле администрация аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты. Коопсуздук курларынын үзүлүп кетишинин себептеринин бири да ушул болушу мүмкүн экенин болжолдошту. Парк жабырлануучунун бардык чыгымын көтөрөт.Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейил бакта жаңы Жер кодексинин кабыл алынышына каршы митинг өттү.Чогулгандар жеке менчикти күч менен басып алууга нааразычылыгын билдиришти. Тынчтык акциясынын катышуучулары кол топтоп, жаңы Жер кодексине кол койбоо өтүнүчү менен президентке кайрылышты.Мындай акциялар буга чейин дагы өткөн. Анда дагы мүлк ээлери жаңы Жер кодексине ылайык, бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын билдиришкен.Ал эми Садыр Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айтып, мыйзам долбоору “жеке менчик жерлерди алабыз” деген ченем менен келе турган болсо, артка кайтарарын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/01/1093044042_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_59ada077273f8d4e03b9341aa1bdaff2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио