00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025 изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Тестирлөөгө 197 билим берүү уюмунан 15 жаштагы 6700дөн ашуун окуучу катышат. Ал үчүн 14 мобилдик топ түзүлүп, 308 ноутбук даярдалган. "Тестирлөө 30-апрелде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. PISA — окуучулардын билимин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билимин баалоону көздөйт. Кыргызстан бул программага 2006-жылы жана 2009-жылы катышып, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген.
"Снос" деген мода болду, мэрлер ким көбүрөөк бузат деген жарышка өтүп алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдирип, Бишкектеги Айтматов проспектинин жээгиндеги короолордун буздурулушуна байланыштуу мэрди сынга алышты. Исхак Масалиев ага Киргизия-1-2 конуштарынын тургундары мэриянын мыйзамсыз ишине даттанганын айтты. Ал Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин атынан президент менен башкы прокурорго кайрылууну сунуштады. Улугбек Ормонов кесиптешинин сөзүн колдоп, ишти мыйзам чегинде аткарууга чакырды.
Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, башы жарылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынан кабарлашты. Кырсыктын видеосу соцтармакка тараган. Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 31-мартта, кечкисин болгон."Кыздын мээси катуу чайкалып, баш сөөгү сынып кеткен. 19 жаштагы кыз ооруканага кечээ жаткырылган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө", — деди клиниканын башкы дарыгеринин орун басары. Парктын администрациясы азырынча үн ката элек.
Россия менен Кытайдын мамилеси бекем жана туруктуу, Пекин Москваны колдойт. Бул туурасында Кытайдын ТИМ башчысы Ван И айтканын РИА Новости жазды. "Кытай-Россия мамилеси бардык багытты камтыган өнөктөштүк менен коштолгон. Стратегиялык өз ара алака эл аралык бир топ чайпалуулардын сыноосунан өткөн. Убакыт менен калчанып, ыйык Тайшань тоосундай бекем турат. Өзүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын дипломатиялык кадамдар менен коргогон Россияны толугу менен түнүшүп, колдойбуз", — деген Ван И. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп Москваны коргойм деген нерсе аркылуу аны Пекин менен араздаштырууга аракет кылып жатат деп айтылгандарды сынга алды.Эске салсак, Ван И Россияга кечээ, 31-мартта, РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун чакыруусу менен келген. Расмий сапары 2-апрелге чейин болот. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, РФ президенти Владимир Путин кытай министрин кабыл алышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0