00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси дээрлик 119 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 2025-жылдын алгачкы эки айында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 118 миллиард 856 миллион сомду түздү. Мекеменин маалыматына караганда, кирешенин негизги бөлүгү салык системасынан түшкөн. Мамлекеттик салык кызматы 41,1 миллиард сом, Бажы кызматы 19,9 миллиард сом чогулткан. Фискалдык жыйымдардын жалпы суммасы 61 миллиард сомду түздү. Эске сала кетсек, 2024-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик бюджет 89 миллиард сомго толукталган.
"Дордой" базарында сынамык долбоор киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште кабарлады. Анын айтымында, аталган базарга салыкчылар барбайт, ал эми салыкты базар администрациясы чогултуп берет. "Базардын администрациясы соодагерлерден светке, кароолго, тазалаганына акча алат. Башкача айтканда, ким эмне кылып жатканын салыкчылардан жакшы билишет. "Дордойдо" 12 базар бар экен. Баары ушул системага макул болуп жатышат", — деди Шыкмаматов. Башкы салыкчы долбоор ийгиликтүү болсо "Кара-Суу", "Мадина" базарларына жайылтуу пландалып жатканын белгиледи. "Өздөрү товар жүгүртүүсү канча экенин айтат. Ошого жараша салык алынат. Бирок күмөн жараткан учурда Салык кызматы рейд жүргүзүп, текшере алат", — деди Салык кызматынын төрагасы.
Бишкекте 3-4-апрель күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Санариптик фермер-2025» форуму өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүү жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча дүйнөлүк тенденциялар, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. "Форумдун алкагында заманбап агротехнологиялардын көргөзмөсү да болот. Бул катышуучулар үчүн инновациялык өнүмдөрдү иш жүзүндө көрүп, өндүрүүчүлөр жана иштеп чыгуучулар менен аларды бизнесте кантип колдонууну талкуулоо үчүн сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол коюудан баш тартуу чечимин кабарлады. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Армения жазды. "Армения тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына Жамааттык коопсуздук кеңешинин "2024-жылга ЖККУнун бюджети жөнүндө" чечимине кол коюудан жана уюмдун анда каралган иш-чараларын каржылоого катышуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу расмий кабарлады", — деген өлкө ТИМи. Ведомство ошондой эле ЖККУнун ички жол-жоболоруна ылайык, жылдык бюджет тууралуу маалымат коомчулукка таркатылбай турганын белгилеген.2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Кийинчерээк ал Армениянын уюмга кайтып келиши барган сайын кыйындап баратканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0