БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Келерки парламенттик шайлоо 2015-жылдын 1-ноябрында болушу мүмкүн деп билдирди Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы.
Шайлоо датасы "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешин шайлоо боюнча мыйзамдардын" негизинде аныкталат.
"Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат жана мурдагы чакырылышта шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктоочу айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт", — деп маалымдашты БШКдан.
"Шайлоолор жөнүндөгү" мыйзамдын 59-беренесинде Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтү президент тарабынан шайлоого 75 календарлык күндөн эрте эмес, 60 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө жарыяланат.