БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. "ТүркмөнАлем" (Түркмөн ааламы) байланыш спутнигин 2015-жылдын мартында коё берүү пландалып жатат деп билдиретРИА Новости түркмөн ЖМКларга таянуу менен.
Унаа жана байланыш маселелерин боюнча вице-премьер Сатлык Сатлыков космос спутнигин коё берүү боюнча даярдык иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу өкмөттүн отурумунда айтып берди.
Түркмөн башы Гурбангулы Бердымухамедов өз байланыш спутнигине ээ болуу менен Түркмөнстан теле байланыш, санарариптик теле көрсөтүү жана башка байланыш системаларын өнүгүшүн максаттуу түрдө тездете ала тургандыгын баса белгиледи.
"ТүркмөнАлем" деген аталыштагы байланыш спутниги Францияда Thales Alenia Space компаниясы тарабынан чогултулду. Ал Жерге жакын орбитага америкалык SpaceX компаниясына караштуу Falcon-9 ракета алып жүргүчтүн жардамы менен алынып чыгат. Спутниктин геостационардуу жайгашуусунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 36 миңге жакын чакырымды түзөт.
Спутник жайгашуучу чекитине чыккандан кийин Ахал велаятындагы (областындагы) Башкаруу борбору аны көзөмөлгө алып, ал эми резервдик Башкаруу борбору катары Түркменистандын түндүгүндөгү Дашогуз велаятындагы байланыш түйүнү болот.
Өлкө башчысы өз маектеринде Түркмөнстандын улуттук космос байланыш системасын түзүү стартегиялык мааниге ээ экендигин бир нече жолу белгилеген эле.