Бишкек, 10-фев. — Sputnik. "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун идеологиясын жайылтып жана Сирияга элди үгүттөп жүргөндүгү үчүн Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рошат Камалов кармалгандан кийин 200гө жакын тарапкерлери чогулган. Бул туурасында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.
"Ал элди диний экстремисттик уюмдун идеяларына тартуу үчүн чыгып, чакырып сүйлөп жүргөн. Рошат Камаловдун кармалгандыгына нааразы болгон 200дөй адам чогулду. Алар менен алдын алуучу жана түшүндүрүү иштерин жана аңгемелешүү жүргүзгөндөн кийин тарап кетишти. Камалов жана аны менен байланышта болгондор "Хизб-ут-тахрирдин" идеясын активдүү тараткан мүчөлөрү жана Сирияга барууга элди үгүттөп жүрүшкөн. Прокурордун санкциясы менен 22 дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү", — деп билдирди Мамбеталиев.
37 жаштагы Камалов 2006-жылы август айында атайын кызматтардын антитеррордук операциясында жок кылынган имам Рафик Камаловдун баласы.