Бишкек, 11-фев.— Sputnik. ЖК депутаттары Санитардык-гигиеналык талаптарды сактабагандарга администрациялык айып пулдун көлөмүн жогорулатуу ниетинде. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору ЖКнын бүгүнкү жыйынында каралып, 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Акыркы мезгилдерде республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар, ВИЧ ж.б. көбөйүп жаткан жагдайлар бар.
Мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүктү жана ичүүчү сууну пайдалануунун, күбөлөндүрүүсү жок адамдарды ишке алуунун, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптарды калктын ден соолугу үчүн кадимкидей коркунуч жараткан ооруканалык манипуляциялардын аткарылышын сактабай коюудан келип чыгып жаткандыгын айтышты демилгечи депутаттар.
Учурда мамлекеттик айып санкциясы орто эсеп менен 100дөн 2000ге чейинки сомду түзөт.
Мыйзам долбоору аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын ишин жакшыртуу жана ишкердүүлүк субъектилеринин жоопкерчилигин арттыруу максаты көздөлгөн.
Административдик жазаны күчөтүү чаралары, аны менен катар айып санкцияларынын көлөмүн көбөйтүү, бузууга жол берүүчү тараптардын жоопкерчилигин жогорулатууга администрациялык айып салууга жана кооптуулукту азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Мыйзам долбоорун жалпы жыйынга ЖК нын Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев алып чыкты.