Бишкек, 24-фев — Sputnik. ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер Донбасста ок атышуулар азайып, бирок айрым жерлерде убактылуу элдешүү бузулуп жаткандыгы жөнүндө айтты деп билдирет РИА Новости.
"Тараптар өз ара ок атышууларды кыскарткандыгын, бирок баары бир элдешүү тартиби көп бузулуп жаткандыгын байкадык", — деди Заньер CNN телеканалынан. "Убактылуу элдешүү тартиби сакталбай жаткан үч район бар: бири түштүк жак, Мариуполго жакын жер, экинчиси Донецк, айрыкча аэропорттун жаны, үчүнчүсү — түндүк, Дебальцево шаарынын тегереги", — деп белгиледи башкы катчы.
Минсктеги сүйлөшүүлөрдө эмнелер жөнүндө макулдашылды
Минск макулдашуулары кандай аткарылууда
Жарыяланган ок атууларды токтотуу чырдашып жаткан тараптар менен байкоочулардын билдирүүлөрү боюнча Дебальцеводон сырткаркы тирешүү тилкесин бойлой бардык жерде сакталууда. Ыктыярчылардын баасы боюнча, аталган шаардын жанында курчоодо Украинанын үч миңден ашуун күч жоокерелери калган. Бирок Киевде бул фактты моюнга алышкан жок. Украинанын ири жол түйүндөрүнүн бири болуп эсептелген Дебальцеводо акыркы күндөрү ыктыярчылар менен күч топторунун куралдуу кагышуулары жүрүп турду.