БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. ЕАЭБде стратегиялык чечимдер консенсустун негизинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан кабыл алына турганын Евразия экономикалык комиссия департаментинин директорунун орун басары Самат Алиев билдирди. Бул кеңешке биримдикке мүчө мамлекеттер кирет.
"Эгер кайсы бир тарап айрым демилгелерге каршы болсо, ал маселени кароо кийинкиге жылдырылат. Президенттерге кырдаалды чечүүнүн башка жолдорун табууга мүмкүндүк берүү керек", — деди Алиев.
Анын айтымында, мамлекетке терс таасирин тийгизе турганына көзү жетсе, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар бири демилгеге каршылыгын көрсөтө алат.
21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек.