БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Аксы районунун ооруканасына күйдүргү дартына шектелип жаткырылгандардын абалы жакшы экенин Sputnik сайтына ооруканадан билдиришти.
Шектелген жарандардын анализдери 2-3 күндөн кийин чыгарын ооруканадан кошумчалашты.
"Анализдери чыккандан кийин гана алардын күйдүргү дартына чалдыкка-чалдыкпаганы анык болот", — деп ооруканадан билдиришти.
Учурда алардын абалдары жакшы, керектүү дары-дармектерди алып жатышат.