БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин жыйыны болуп өткөнүн Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Россия, Белоруссия, Казакстан, Армениянын борбордук банктары, каржы министрликтери жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) мүчөлөрү катышты.
"Кыргызстан маанилүү кадамдын алдында турат – жакын арада өлкө ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. Ушундай орчундуу окуя алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин жыйынын ачып жатканыма сыймыктанам. Биримдикке кошулуу биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө жана уюмдун башка мүчөлөрү менен интеграцияланышына чоң түрткү болот", — деди Абдыгулов.
Улуттук банктын төрагасы Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара байланыштын чыңдалышын белгилеп, өнүгүү ушул маанайда алдыга жыларына ишеним артты.
Жыйын жүрүшүндө 14 маселе каралды. Катышуучулар финансы рынокторундагы коюлган талаптар жана ошондой эле биримдик курамындагы мамлекеттердин фонддук рынокторуна брокерлердин кирүүсүнө уруксат берүү маселелери талкууланды.
ЕАЭБ алдында түзүлгөн финансы рыноктору боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын чечими менен түзүлгөн. Комитеттин төрагасы — ЕЭКнын экономика жана финансы саясатынын министри Тимур Сулейманов.