Шаардыктардын эң көп келген жери борбордук Ала-Тоо аянтында абанын температурасы 41 градуска чейин жетти.
Ысыктан коргологон Бишкектин тургундары сейил бактарга жашынууда, бирок, көлөкөдөгү абанын температурасы 37 градусту көрсөтүүдө.
Нижный Новгороддон келген түгөйлөргө бул ысык тескерисинче жагууда.
"Бизде 25 градус болгондо эле акактап, чыдабай калабыз, силерде 40 градус болсо да аба кургак жана жакшы экен", — дейт алар.
Европадан келген турист күндүн ысык экенин айтып, "Very, very hot — абдан ысык", — деген оюн билдирди.
Sputnik сайтынын корреспонденти маршруттук таксиге түшкөндө анын ичиндеги ысык 42 градусту көрсөттү.
Ал эми күнгө какталып, ээсин күткөн машиналардын ичи Сахара чөлдөрүн эске салат. Термометрдин көрсөткүчү 50 градустан жогору көрсөтүүдө.
Каалагандар бийик имараттардын чатырында суу жылытып, чайынып да алса болот. Бир чака суу бир сааттын ичинде 32 градуска чейин жылыды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы эки күндө абанын температурасы 45 градуска чейин көтөрүлө турганын эскерткен болчу.