БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Базарлардын ордуна дүкөндөр түйүнү, электромобилдер жана органикалык азыктар — ата мекендик бизнес кайсы багыттарда жылып бара жатканын Sputnik агенттиги сурап билди.
Татьяна Шахин-Байло, "Билайн" компаниясынын коомчулук менен байланышуу боюнча директору
— Жыл өткөн сайын эл салттуу үн байланышын аз пайдаланып баратат. Анын ордуна интернет-кызматтар көбүрөөк тааныла баштады. "Билайн" жөн гана байланыш оператору эмес, смартфондор үчүн оператор болууга умтулат. Үн байланышы беш жылдан кийин бонус катары акысыз берилип, ал эми незизги басым Интернетке жана тиркемелерге жасалышы толук мүмкүн.
Жумакадыр Акенеев, КРдин нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы президенти
Экологиялык жактан таза электромобиль май менен жүргөн автоунаалардын ордуна келиши үчүн, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү керек. Бул үчүн энергиянын өндүрүүнү 5-6 эсе көбөйтүү зарыл.
15-20 жылдан кийин электромобилдер Кыргызстанда кадимки көрүнүш болушу мүмкүн.
Улан Адамалиев, "Дыйкан Плюс" компаниясынын директору
— Кыргызстандын айыл чарбасы органикалык азык-түлүктү өндүрүүгө көбүрөөк басым жасайт. Албетте, көлөмү жагынан Кытайга да, Россияга да, Казакстанга да теңеле албайбыз. Бирок бизде атаандаштык кыла ала турган башка артыкчылык пайда болушу мүмкүн — биз органикалык азыктарды өндүрүү жагынан алдыңкылардан боло алабыз. Андан тышкары, бул иш тармагы жаңыртылат. Бардык жерде тамчылатып сугаруу пайда болуп, күнөскана технологиясы өнүгөт.
Анэс Зарифьян, КРСУнун медицина факультетинин деканы:
Бирок университеттер да буга каршы чараларды көрүүдө. Биз жакында Түркияда болуп, билим берүү процесси кандай жөнгө салынганы менен таанышып кайттык. Алар студентти сынак алдында металл издегичтер менен текшерип, электрондук жабдуу жанында бар-жогун карашат экен. Мындай практика бизге да жетет деп ойлойм.
Онлайн жолу менен билим алууга мен ишенбейм. Мындайча айтканда, адамды интернет аркылуу скрипкада ойноого үйрөтө албайсың да. Медициналык илим да ошондой эле.
Федор Панин, Кийим тигүүчү фабриканын ээси
— Кездеме тармагын жакынкы беш жылда өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Биз Кытайдын өндүрүш деңгээлине жетишибиз керек. Көлөмү жагынан эмес, арзандыгы боюнча. Бир сөз менен айтканда, же биз өзгөрөбүз, же бизди өзгөртүшөт.
Базарлар менен рыноктор архитектуралык эстеликтерге айланат. Соода болсо бутиктер менен дүкөндөрдө жүрүп калат. Алар азыртан эле үстөмдүк кылышууда.
Мындан тышкары, Интернет аркылуу соода кылуу да абдан өнүгөт.
Белек Сарымсаков, "Ак-Кеме" мейманканасынын башкы директору
— Биздин өлкөгө КМШ жарандары улам барган сайын көп келет. Бул америкалык авиабаза жабылып, евразиялык интеграцияга багыт алышыбызга байланышкан. Батыш же араб өлкөлөрүндө чыр-чатактар көп чыгып жаткандыктан ал жакта эмес, Кыргызстанда эс алууну каалагандар көбөйөт.
Хостелдер системасы акчасы чакан туристтер үчүн сөзсүз керек. Интернеттин өнүгүшү менен арзан вариант табуу кыйын болбойт.
Кыргызстанда абал мындай: бирөө май куюучу жай ачса, баары ошондой жай ача баштайт. Мейманканалар менен болгон абал дал ошондой. Ишкерлер бааны түшүрө баштайт. Бирок Интернеттин аркасы менен адилетсиз ишкерлер өзүнөн-өзү четке чыгып калат, себеби кардарлар өз сын-пикирлерин кенен аудиторияга жеткирип жатышпайбы. Дал ушул нерсе баарын өз ордуна коёт.
Денис Гайворонский, "Куликовский" кондитердик үйүнүн аткаруучу директору
Тамак-аш – түбөлүктүү бизнес, келечек ушунда. Элдер машинадан, кымбат көйнөктөн, компьютерден баш тарта алат. Бирок тамактан эч качан баш тартпайт. Бизде ийгиликтин үч негизи бар: таза тянь-шань суусу, күн жана Казакстандагы кумгайрак жердей эмес, жемиштүү жерибиз.
Салкынай Воинова, Ири иш-чараларды уюштуруучу Event Deluxe компаниясынын негиздөөчүсү
— Беш жылдан кийин оюн-зоок ишкердиги башка көрүнүштө болот деп ойлойм. Алсак, шоу-бизнес Кыргызстанда он жыл бою калыптанып отуруп, азыр белгилүү бир деңгээлге жетип, эл тарабынан бааланып калды. Үйлөнүү үлпөтүн жана башка салтанаттарды уюштуруу индустриясы да ошол эле абалга жетет. Биздин адистерге ырааттуулук жана пландоо тажрыйбасы жетишпейт.
Жакында оюн-зоок индустриясын бизнес катары кабыл ала башташат деп ойлойм. Мен коммерциялык жагын эмес, тейлөөнүн жакшырышы, жаңы идеяларды киргизүү жагын айтып жатам. Беш жылдан кийин азыркыдан заманбап үйлөнүү үлпөттөрүн көрөбүз. Эмитен эле кардарлар салтанаттарды европалык түрдө уюштурууну суранып жатышат. Бирок биздин каада-салт, үрп-адаттарды да унутушпайт. Өз маданиятыбыз менен европалык стиль айкалышкан салтанаттардын түрүн көрүү жакшы болот деп ойлойм.