Кытайдын акчасынын артынан сом да түшүп, күзүндө доллар 70-75 сомго бааланат деп эсептейт каржы серепчиси Асел Мукамбетова. Ал Кытайдагы каатчылык Кыргызстанга кандай кесепетин тийгизери туурасында Sputnik агенттигине айтып берди.
— Кытайдын фондулук биржасы кыйрап калды. Азиялык брокерлер кым-куут түшүп жатат. Юандын куну кетти. Деги эмне болуп жатат?
— Кытай – дүйнөдөгү АКШдан кийинки жаңы ири экономика. Бул дүйнөлүк каржы аренасындагы эки чоң атаандаш. Алар улам барган сайын бири-бирин көп сынап жатышат. Азыр да каржы чөйрөсүндө валюталардын согушу деген сөз көп айтылууда. Бул кармаш чынында эле жүрүп жатат.
Бирок Эл аралык валюталык фонду Кытай эркин курска карай дагы бир кадам жакындаганына карабай, Пекиндин каалоосун аткарган жок. Кытайдын валюталык резервге кирүүсү жөнүндө маселе 2016-жылдын сентябрына калтырылды.
— Демек, бул аргасыздык эмес, өнүгүү үчүн жеңип чыгыш керек болгон тоскоолдук экен да?
— Ооба. Жаралган көйгөйлөргө карабастан, алдыдагы 10 жылды "Кытайдын он жылдыгы" деп аташат. Себеби, бул өлкөнүн эң чоң запасы бар — ал 3,7 триллион долларга жетет. Бул дүйнөдөгү эң чоң капчыктардын бири. Ошон үчүн Кытайды карап иш кылгандар көп. Мисалы, Африкада кытайлыктар өндүрүштү аябай кеңейтишкен: ал жерде темир жолдор курулуп, мунай жана алмаз өндүрүлүп жатат. Кийинки кадамы — Батышта, Түштүк Америкада бекем орун алуу. Кытай ал жакта да мунайды иштетет. Алардын Евразиядагы иш-аракеттери туурасында айтуунун кажети жок деп ойлойм.
— Ошентсе да, юандын түшүүсү, мейли алдын ала пландалган болсо да, башка өлкөлөргө кандай таасир кылат? Мисалы, Кыргызстанга?
Бирок, эгер ФРС мындай кадамга баа турган болсо, анда мындай чаралар өнүгүп келе жаткан экономикаларга катуу зыян келтирет. Дүйнө боюнча каатчылык жүрүп жатат. Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөр адатта доллар түрүндө алынуучу насыянын эсебинен жашап жатат. Эгер доллар көтөрүлүп кетсе, бул өлкөлөрдүн мамлекеттик карыздары дароо өсөт.
— Юань өзүнүн артынан сомду ала кетпейби?
Мындай жылыш багыттардан сом четте кала албастыгы турган иш. Күзүндө курс 70-75 сомго жетет деген божомолдор бар. Бирок 75 — эң жеткен чеги. Кыргызстандын көпчүлүк банктарынын бюджети 70 сом эсебинен түзүлгөн. Андан ашпайт. Эгер ашып кетсе, мындан эч кимге пайда жок.
— Азыркы болуп жаткандарды 1997-жылдагы каатчылыкка салыштырса болобу?
— Айрым серепчилер дал ошол жөнүндө айтууда. Каатчылык бүтүндөй жер жүзү боюнча жүрүп жатат жана мындай оор абал узакка созулары азыртан эле түшүнүктүү. Ал тургай, бейкут эсептелген Америкада да өткөн жумада биржалык индекс түшүп кетти. Россияда өтө терең рецессия жүрүп жатат. Адатта, жай мезгилинде валюталардын курстары туруктуу болот. Себеби экономикалык активдүүлүк анча болбойт эмеспи. Бирок, бул жолу жай өтө тынчсыз болду. Жана бул башталышы эле. Август күтүүсүз кескин өзгөрүүлөргө толду. Күз-кыш мезгилинде алар тереңдеп гана барат.
Сомго карата доллардын, рублдин жана теңгенин курсу кандайча өзгөргөнүн Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз>>