БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкектин "Тазалык" ишканасынын Октябрь району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күйүүчү майды мыйзамсыз эсептен чыгарып, өзүнө ыйгаруу фактылары аныкталганын УКМК билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана жетекчилери үстүбүздөгү жылдын февраль айынан июлга чейин иштебеген таштанды чыгаруучу унаа үчүн жасалма документтердин негизинде күйүүчү май бөлдүрүп, башка максаттарга пайдаланып келишкен.
Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү чыгымдоо же өзүнө ыйгаруу) жана 350-беренесинин (документтерди жасалмалоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө жүрүп жатат.