БИШКЕК, 2 окт — Sputnik. Он төрт жырткыч куштарды Россиядан мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга аткезчилик жолу менен жөнөтүүгө аракет кылышкан. Бул туурасында Россиянын Сибирь боюнча бажы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Куштар Казакстан аркылуу Кыргызстанга жол тарткан жүктөн Алтай крайындагы "Локоть" деп аталган темир жол пунктунан текшерүү учурунда табылган. Жүк Кемеров облусуна караштуу Новокузнецк шаарынан жөнөтүлгөн.
"Вагондон 14 шумкар табылган, алардын 11и ителги, ал эми үчөө сапсан түрүнө кирген куштар болгон. Аларды сыртка жөнөтүүгө уруксат берген кагаздар жок болуп чыкты", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Алтайдын бажы кызматы "өзгөчө баалуу жапайы жаныбарларга кол салгандык" факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул үчүн бир миллион рублге чейин айыппул салып, үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Кармалган шумкарлар азыр Алтайдагы жырткыч куштардын питомнигинде багылып турат.
Маалымат кызматы учурда андан аркы иликтөө иштери улантылып, куштарды андан ары кайсы багыттар менен жөнөтүү аныкталып жаткандыгын кабарлады.