БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Медина — Бишкек багыты боюнча кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу бүгүн саат кечки жетиден өткөндө Эл аралык "Манас" аэрропортуна келип конот. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Ажылык сапар Кыргызстанда августтун аягында башталган.
"Бүгүнкү каттам менен 2015-жылдын эсебинен чоң ажылыкка кеткен зыяратчылардын акыркы тобу, 208 киши кайтып келет. Аларды ичинде ажы башчылары да бар",— деди Атабаев.
Маалымат катчысы Сауд Аравиясынан учурда 3400 зыяратчы кайтып келгендигин, бул сапар менен 2015-жылдагы ажылык сапар соңуна чыгарын кошумчалады.
Быйылкы ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.