БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жыл башынан элден түшкөн доомат-арыздардын негизинде төрт кызматкер жумуштан алынганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тогуз айдын ичинде 132 кайрылуу түшүп, анын 18и боюнча тартиптик жаза колдонулган. Мындан улам бошотулган төрт кызматкердин үчөө ишенимден кеткени үчүн жумушунан алынган. Андан сырткары, тогуз кызматкерге сөгүш жарыяланып, 32 жумушчуга эскертүү берилген.
Мекеме кайрылуу менен даттанууларды (0312) 61-31-89 номуру жана info@sti.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө болорун белгилеп, алар ыкчам тартипте текшерилерин кошумчалайт.