БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясын түзүү укугун берди.
Парламентте көпчүлүк коалиция төрт эле эмес андан көбүрөөк, керек болсо, беш фракциядан да түзүлүшү мүмкүндүгүн, ал эми парламенттик оппозиция анча күчтүү болбостугун серепчи Алмаз Акматалиев билдирди.
"Көпчүлүк коалицияга биринчи кезекте КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", андан сырткары, "Республика — Ата-Журт" партиясы, ал тургай, бешинчи болуп "Ата Мекен" да кириши мүмкүн. Менимче, азыр парламентте оппозиция жок болгондуктан, көпчүлүк колицияга кирген фракциялардын саны анча мааниге ээ болбойт", — деди Акматалиев.
Ал ошондой эле, парламенттеги спикерлик орун өткөн V чакырылышта да ушул кызматта отурган КСДПчы Асылбек Жээнбековго ыйгарылат деген пикирде.
Парламенттик шайлоого катышып, бирок өтпөй калган "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров төрт партия көпчүлүк коалицияга кирет, ал эми оппозициянын аты гана болот деген пикирде.
"Көпчүлүк коалицияга КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" фракциялары кирет. Ал эми бүгүн бир дагы партия оппозициянын ролун аткара албайт. Балким, бул декоративдик мүнөздө гана болот", — деди Мадумаров.
Саясат талдоочу Табылды Акеровдун пикиринде, парламенттин түндүгүн негизинен КСДП, "Ата-Мекен" көтөрөт да, алардын катарына идеялаш болгон фракциялар тартылат.
"Көпчүлүк коалициянын өзөгүн КСДП, "Ата Мекен" түзүп, өздөрүнө "Өнүгүү — Прогресс" менен "Кыргызстанды" тартса керек. Себеби, булар программалык жактан жакыныраак партиялар. Ал эми "Республика — Ата-Журт","Бир бол" либералдуу-консервативдик негиздеги партия болгондуктан, коалициянын тизмесинде болушу логикага жатпайт. "Республика — Ата-Журтта" дагы мурдагы бийликтин өкүлдөрү арбын, ал эми "Бир болдо" да Акаев, Бакиев учурундагы жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер көп. Ошондуктан логикалык жактан булар КСДП, "Ата Мекенге" оппонент болуусу керек. Дүйнөлүк практикада деле жаңы бийликке эскилери оппоненттик кылат", — деди Акеров.
Саясат талдоочу Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматына кайрадан эле Асылбек Жээнбеков келерин, буга анын эмгеги өткөн деген пикирин билдирди.
"Менимче, спикерлик орунда Асылбек Жээнбеков калат. Себеби, өткөн парламенттик шайлоолордо ал өзүнүн милдеттерин так, туура аткарды. Адатта шайлоодо жеңип чыккан партиянын спикери кайра өзүнүн ордуна келет", — деди Акеров.
Эмки президенттик шайлоого даярдык парламенттен башталат…
Саясат талдоочулардын кээ бирлери келерки президенттик шайлоого даярдык парламенттеги көпчүлүк фракцияга кирүү, оппозицияда калуу деген кызыкчылыктардан да маанилүү экендигин, негизги көңүл башка максатка буруларын айтты.
"Көпчүлүк коалиция биринчи аракетте эле түзүлөт. Тажрыйбалуу, келечекти ойлогон саясатчылар, жанталашып деле өкмөт башчылыкка умтулбайт. Себеби, 2017-жыл президенттик шайлоо алыс эмес. Ошондуктан азыркы боло турган өкмөт башчы убактылуу фигура болот", — дейт Алмаз Акматалиев.
Ал эми дагы бир эксперттин пикиринде, көпчүлүк коалицияга кирбей, оппозицияда калуу кийинки президенттик шайлоого катышам деген саясатчыларга өтө ыңгайлуу учур.
"Көпчүлүк коалицияга "Республика — Ата-Журт" фракциясынын кирбей турган дагы бир себеби бар. Анын лидери Өмүрбек Бабановго оппозицияда калуу кийинки 2017-жылдагы президенттик шайлоого карата даярдык көрүү үчүн эң оңтойлуу мүмкүнчүлүк. Ал келерки президенттик шайлоого катыша турган бирден-бир талапкер. Андыктан бийликтин канчалык туура эместигин, катачылыктарын, Кыргызстан кайсы жол менен барса туура болорун элге жеткире турган трибунага ээ болот", — деди Табылды Акеров.
Мыйзамдарга ылайык, парламенттеги көпчүлүк коалициясы 15 күндүн аралыгында түзүлүшү шарт.