00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык байланышы чыңдалат

Жазылуу
Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода Темир Сариев менен жолукканда дүйнөлүк экономикалык каатчылыкка карабастан эки мамлекеттин бул багыттагы кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Душанбе шаарында тажик кесиптеши менен жолукканын Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктады
29-октябрда Сариев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына учуп келди. Аны аэропорттон Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим тосуп алды.

Сариев Тажикстандын премьер-министри Расулзода менен жолугуп, эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун талкуулашты. Расулзода кыргызстандык кесиптешин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөнү менен куттуктады.

"Биз дагы дүйнө коомчулугу сыяктуу биринчи жолу биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен Кыргызстанда өткөн шайлоого көз салдык. Адилет шайлоо өткөргөнүңүздөр үчүн куттуктоого уруксат этиңиз. Учурда дүйнө коомчулугу экономикалык каатчылыкты сезип жатат. Бирок, мындай көрүнүштөргө карабастан, эки мамлекеттин экономикалык тармакта кызматташуусу өнүгүп жатат",— деди Расулзода.

Кыргызстандын өкмөт башчысы кесиптешине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин мындан ары да тыгыз кызматташуусу керектигин белгиледи.

"Эң негизги максат – ушул темпти жоготпой эки мамлекеттин ортосундагы товардын айлануусун жаңы деңгээлге чыгаруу. Учурда мамлекеттер аралык келишимдер жакшы иштеп жатат. Алар мамлекеттер ортосундагы товар айлануунун солгундашына мүмкүндүк бербейт", — деди Сариев.

Ал ошондой эле, КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында маанилүү маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат деп ишенерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0