БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун функциялары Экономика министрлигинин алдындагы департамент менен мамлекеттик активди башкаруу боюнча холдингге бөлүштүрүлө турганын премьер-министрликке талапкер Темир Сариев жаңы өкмөттүн структурасын түшүндүрүп жатып Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, департамент мамлекеттик мүлктү инвентаризациялап, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат.
"Калган маселелерди холдинг чечет. Ал мамлекеттик активдерди корпоративдүү башкаруунун сапатын жакшыртуу үчүн ишке киргизилип жатат", — деди Сариев.
Учурда Жогорку Кеңеште премьер-министрликке талапкер Сариев өкмөт структурасы боюнча депутаттардын суроосуна жооп берип жатат.