БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте математика жана физика сабактары боюнча окуткан мугалимдердин слету башталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ага мектеп мугалимдери, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технологиялык университет жана башка бир катар ЖОЖдордун окутуучулары катышууда.
Иш-чарада математика жана физика сабактарын окутуудагы инновациялык ыкмалар, билим берүүнү өнүктүрүүдөгү мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгү, мектептерди стандартизациялоо маселелери талкууланууда.
Слеттун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынмакчы.