БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жахонгир Курмишев менен Каныбек Мийманов аттуу эки кыргызстандык жаран Тажикстандан Кыргызстанга кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
Мындай аракет кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында эки өлкөнүн прокуратураларынын биргелешкен аракетинин натыйжасында жетишилди. Учурда Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Душанбе шаарында иш сапары менен жүрөт.
Буга чейин алардын 25-сентябрь күнү мамлекттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Дахан айылынан Дилафруз Шербекованы кызы менен, Олмахон Шербекованы эки баласы менен жана бир уулу менен Кумри Муминова аттуу Тажикстандын жарандарын тосуп алышканы маалымдалган.
Коңшу өлкөнүн милициясы кармалган жарандар аялдарды, балдары менен алгач Бишкекке алып келип, жасалма документ менен Түркияга, андан ары Сирияга жиберүүгө ниеттенгенин билдирген.
Учурда аларга карата Тажикстандын кылмыш жаза кодексинин "Кылмышка даярдык же ага аракет кылуу" жана "Жалданмачылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.