БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Малайзиялык сүрөтчү Шимри Лим кыргыздардын бүркүтчүлүк өнөрү алардын күчтүүлүгүн жана эрктүүлүгүн көрсөтүп турарын Sputnik агенттиги менен болгон маегинде билдирди.
Ал National Geographic журналынын "The award winning shot" конкурсуна Кыргызстанда тартылган бүркүтчүлөрдүн сүрөтү менен катышып жатат.
Лим Кыргызстанга август айында дээрлик төрт жумага келип, Талас өрөөнүндөгү Беш-Таш жайлоосунан бүркүтчүнү издеп, аны сүрөткө тартып алган. Бүркүтчүнүн кайталангыс элестерин сүрөткө тартып калуу оңой болбогонун ал мындайча эскерет.
"Бүркүтчүнү сүрөткө тартуу чынында оор болду. Себеп дегенде бизде тил билүү жагынан тоскоолдук бар эле. Мен кыргызча же орусча бир сөз билбейм, бүркүтчү да англисче билбейт. Андыктан мен аларды "мындай тургула", же "мени карагыла" деп айткан жокмун. Күн батып баратканда бүркүтчү бүркүттү колуна кондуруп, аны акыркы ууга салып жатканда фотоаппаратымды алып чыгып тартып калдым. Тартып жатканда ал мени караган. Ошол көз ирмемди кое бербей кармап калууга үлгүрдүм. Бул сүрөттү тартуу үчүн короткон убактым текке кеткен жок", — деди малайзиялык сүрөтчү.
Ал ошондой эле, ага аңчылардын жашоосу ага дайыма кызык болуп келгенин айтат. Өзгөчө бүркүттү таптоо, алардын тоо шартында аң уулоосу, негизи эле куш салуу салты абдан суктанарлык экенин ал баса белгиледи.
Конкурска койгон сүрөттөрү боюнча ал буларга токтолду.
"Бийик тоодо табият менен таттуу мамиледа жашаган эл, бүркүт таптап асманды да, жерди да багындырышат. Мен алардын жашоосунда табышмактуу, башкаларды суктанткан нерсе көп деп ойлойм, андыктан ошол сулуулукту, табышмактын жообум таап сүрөткө тартып калгым келди", — дейт ал.
P.S. Сүрөттөр ушул материал үчүн гана колдонулат.