БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Баткен районунда мечиттер архитектуралык кызматтын көзөмөлүнүн алдында салына баштады. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
"Баткен районунун баш имам хатиби Нуридин Мамасабыров жаңыдан курулуп жаткан мечиттерди райондук хатибияттын уруксаты жана Архитектуралык кызматтын көзөмөлү менен салууну буйрук кылды", — деп айтылат казыяттын маалыматында.
Баткен районунда Архитектура кызматынын көзөмөлү менен алгачкы ирет бардык шарттары менен эки кабаттуу, Кара-Бак мечити курула баштады. Анын башкы планын архитектуралык көзөмөл органы карап чыгып, курулуш ишин баштоого уруксат берген.